Menu

Баатырбековдун “бандасы” же арактан чыккан азап…

Бөлүшүү:

Заман алга озуп барат. Бирок, Кыргызстанда заманыңдын ыргагын уруп ойнобостон өз көмөчүңө гана күл тартууну адатка айлантып алгандар арбын. Алардын айынан өлкөдө кадр саясаты аксап атат. Мындай пикирди бир топтон бери айтып келе жатабыз. Айрыкча Жогорку Кеңештеги фракциялар тандаган, ошол фракциялар сунуштаган кадрлар билим деңгээли менен иш тажрыйбасына, кесипкөйлүгүнө маани берилбестен жетекчи болуп олтурган фактылар толтура. Алар же иштеп жыргатпай же иштейм деген кишиге мүмкүнчүлүк беришпейт экен. Ток этээрин айталы, айрыкча Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясы кадр саясатынын чалмакейин чалып атат. Атың өчкөн арак деген «немени» сатып байыган «Аю» фирмасынын арам акчасы менен Жогорку Кеңештин босогосун аттаган «Кыргызстан» фракциясы майлуу-сүттүү жерден «тешик» көрсө эле сабатсыз «соодагер» кадрларын жетелеп барып олтургузуп, ал кадрлар барган тармагынын ашмалтайын чыгарып атканы жалганбы? Сөз болуп жаткан «Кыргызстан» фракциясы, анын жетекчиси Алмаз Баатырбеков, «Жок, андай болгон жок»-десе, көзүнө сайып көргөзүп беребиз дайындаган кадрларын. Министрликти, анын орун басарлыгын жетектөө базарда бука сатып, арак ташыган бизнеске окшош эмес да, Алмаз Баатырбекович! Арактын арты азап десе, коомчулук «жинди сууну ичкендер гана жинигет»-деп түшүнүп келген эле. Батырбековдун «Кыргызстаны» жасап жаткан кылыктардан улам аракты ичпесе деле, анын арты менен байлыкка туйтунгандар да жинигет тура деген ой кетет экен. Таза коом куралы деген келечек үмүттөргө суу сээп, өз көмөчүнө күл тарткан Баатырбековго сурак болобу деги?

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: