Menu

Ош: жетекчилерге шилтенген бычак

Бөлүшүү:

 

Өткөн жумада МПА май куюучу станцияларынын биринин башчысы мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул окуядан бир апта мурун ушул эле МПА май куючу компаниясынын аткаруучу директору Оштогу ресторандардын биринде бычакталып, аман калган эле.

24-февраль күнү Ош шаарында МПА май куюучу станциялардын биринин башчысы Абдираим Жапаров өз үйүнөн чыгып келатканда өлтүрүлгөн. 34 жаштагы ишкердин артында аялы менен төрт баласы калды. Жакындарынын айтымында, Жапаров ал күнү багымдат намазын окуу үчүн эртелеп мечитке бармак. Ишкерди кол салууга шектелип маркумдун таанышы кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда отурат. Кылмышка шектүү акчанын айынан ушуга барганьш ачык айтууда.

– Биз жакшы мамиледе болчубуз. Андан 30 миң сом карыз да алгам. Бир күнү мени эч себепсиз эле иштен кетесиң деди. Жумуштан айдап жатканда эсеп-кысап кылып, дагы 40 миң сомду моюнума илди, Мен далил сурадым. Далилдеп берген жок. Машинемди да күрөөгө деп алып койду. Кийин СМС жазып, карызын доолап жүрдү. Болбосо балдарды артыман саларын айтты. Ошол күнү мен анын үйдөн чыгып келатканын көрдүм. Дубалдын артына жашындым. Жанымдан өтө бергенде арматура менен чаптым. Ал кулады. Бычак шилтеп, анан качып кеттим.

Бул окуя боюнча Ош шаардык милициясы «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, кылмышкер адам өлтүрүүгө бир нече күн даярданган.

– Ал алгач берген көрсөтмөсүндө маркум менен тааныш болгонун, ага ири суммада акча карыз экенин айтты. Ошону төлөгүсү келбей коркутуп коюу үчүн үйүнө барган экен. Биздеги маалыматтарга караганда, ал аны өлтүрүүгө бир нече күн даярданып, эртең менен чуркай баштаган. Көргөн адамдарга күн сайын эле чуркайт дегендей таасир калтырууга аракет кылган. Арматуранын кесиндисин жана бычакты даярдаган. Кылмыш болгондон кийин канга боёлгон кийимдерин жууп, бекитүүгө аракет жасаган.

Күйүүчү май сатууга адистешкен МПА компаниясын мындан он күн мурда да кырсык тооруган. Анда Оштогу ресторандар­дын биринде МПАнын аткаруучу директору Азамат Токтосунов бычакталып, аман калган эле. Учурда ал ооруканада дарыланып жатат. Бир эле компаниянын эки жетекчисине катары менен кол салуу болгонун коомчулук үлүш доолаган “каралар” менен байланыштырган. Бирок МПАнын окүлү Искендер Ахунжанов компа­ния жетекчиси менен май куючу жайдын башчысына болгон кол салуулардын бири-бирине байланышы жок деп биддирди:

– Бул эки окуянын бири-бирине байланышы жок. Директорубуздун бычакталышы кокустук. Ал окуяга катышкандардын бири менен мэрдин туугандыгы тууралуу так маалыматыбыз жок. Имиш создөр гана бар. Бирок биздин ишкананын жергиликтүү бийлик менен эч кандай талашы жок. Ал эми кызматкерибиздин өлүмү боюнча бизде мурда иштеп кеткен адам кармалды. Алардын ортосунда өз ара талашы бар окшойт.

Милициянын маалыматына караганда, ишкер Азамат Токгосуновго кол салууга шекгелген үч адамдын бири гана кармалган. Кармала электердин бири Ош­тогу ири аткаминердин жакын тууганы экени айтылууда. Мындан улам коомчулукта үлкөндөрдүн жакыны жазасыз калат деген шектенүүлөр айтылууда.

Куйуучу май сатуучу МПА компаниясы өлкө казынасына эң көп салык төккөн алдыңкы он мекеменин катарына кирет. Оштогу май куючу жайлардын басымдуу бөлүгү дал ушул МПАга таандык.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: