Menu

Кайдыгерликпи же укуктук караңгылыкпы?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын азыркы саясаты-социалдык багыттагы саясат, бюджеттин орчундуу бөлүгү дал ушул калктын социалдык турмушун жакшыртууга багытталган”. Мындай ишенимдүү айтылган резюме азыркы да, мурунку да бийликтин оозунан түшпөй келет. Бирок, калктын калың катмарынын жашоо-турмушуна көз кырыңды салып кедерине кеткен кедейчиликтин жан кейиткен көрүнүштөрү жүрөгүңдү эзет. Жумушсуздукту жоюу боюнча мамлекеттик саясаттын өзү жок. Айлык маяна, жөлөк пул, пенсия дегендерди Социалдык фонд жыл сайын арбытып эле жатканын, акырындап көбөйтүп эле келе жатканын айтканы менен кымбатчылык, инфляция жана салык саясатындагы чөнтөк каккан “өзгөртүүлөр” абалды жакшыртпай эле, ордунан жапшырууда. Образдуу айтканда, азыркы учурда Өкмөт оң колу менен акча сунуп, сол колу менен кайтарып алуунун ыкмасын абдан жакшы системалаштырып алды.

Мисалы, учурда балдарга төлөнүүчү жөлөк пул алуунун машакатын элеттен барып уксаңыз, ээгиңиз жерге түшөт. Айталы, айылдагы бир жаш үй бүлө төрт баласы менен карыган ата-энесин багып отурат. Социалдык фонддун жергиликтүү кызматкерлери ал төрт баланын жөлөк пулун шарт эле “кесип” таштайт. Анткени, абышка-кемпирдин пенсиясы  ошол 8 адамдан турган үй-бүлөнү багууга жетет деген арифметиканы колдонушат. Эми ойлоп көргүлөчү? Болуптур, эки пенсионердин  пенсиясын кошкондо 8-10 миң сомго чамалап барды дейли. Эми ушул 10 миң сом менен 8 адам бир ай бою жетишээрлик шартта жашоосу мүмкүнбү?!

Мейли, ары жагына сүңгүп кирбей ак койолу. Ансыз да түшүнүктүү. Бирок, өкмөттүн элдин тагдырын мындай өкчөгөн саясатын сынга албайлы десек, айрым көрүнүштөр бүгүнкү күндүн картинасын көзгө ачык тартууда. Маселен, өткөн жумада  ca-irnews.com. сайты  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылында жашаган Шарапат Мамаюсупова аттуу чоң эненин ушул күнгө чейин пенсия албагандыгын жазып чыкты. Өзүнүн айтуусунда 103 жашка чыгып, көп жылдардан бери көз оорусунан жабыркап, майыптыгы үчүн мамлекеттен жөлөк пул алып келген. Бирок, белгисиз себептер менен 2016-жылдан тарта ал майыптыгы үчүн берилүүчү жөлөк пулдан да айрылыптыр.

Баарынан кызыгы,  Шарапат Мамаюсупова  1914-жылы Сузактын Бекабад айылында туулгандыгын, жашы элүүлөргө таяп калган маалда, көзү ооруга чалдыгып, ошондон соң майыптыкка чыкканын, ошол жылдан тарта мамлекеттен жөлөк пул алып келгендигин айтат. Ооба, анын социалдык жардам алгандыгы тууралуу документтерине карасак, 1961-жылдан тарта майыптыгы үчүн жөлөк пул алып келе жаткандыгы ырас. Бирок, анын ушул кезге чейин өзүн тастыктоочу документтери, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же паспорту болбогону уккан жанды таң калтыра турган көрүнүш. Анткени, ушунча жылдан бери анын төрөгөн, учурда очор-бачар болгон үч кызы, неберелери Шарапат апага паспорт алууга аракеттенбегени эмнеси?  Ооба, бул чындыгында укуктук караңгылык! Болбосо, алар ушунча жылдан бери арзыбаган майыптык жөлөк пулду алганына ыраазы болуп жүрө  бербей, карыяга паспорт алып берип, пенсияга керектүү документтерин топтоп, социалдык фондго тапшырбаганын башка кандайча түшүнүүгө мүмкүн? Бирок, дал ушул жерден биз башында айткандай, мамлекеттик социалдык тармактардын жергиликтүү кызматкерлеринин кайдыгерлиги менен ишке болгон шалаакылыгы көзгө ачык урунат. Себеби, мамлекеттен майыптыгы үчүн жөлөк пул алып жүргөн, айылдагы эң жашы улгайган адам катары белгилүү болгон Шарапат апаны жергиликтүү бийлик ээлери, айыл өкмөттүн, райондун социалдык фондунун кызматкерлери баары эле билишкен. Бирок, эч кимиси акниеттүүлүк кылып, анын паспорттуу болушуна, пенсия алуусуна жардам берүүгө аракеттенген эмес. Ал тургай, бут тосушкан деп айтсак да жарашат.  Анткени, сайттын маалыматына ылайык, 2015-жылы Шарапат апанын неберелеринин бири таянесине паспорт алып берүүгө аракет жасап, бирок, аягына чыкпаптыр. Анткени, анын бул аракетине жергиликтүү мамлекеттик тиешелүү мекемелер жардам бермек тургай, бут тоскондору ачыкталган. Паспорт алып берүү үчүн 3500 сом акы алып, бирок, аны да аткарышкан эмес.  Алар “ алды менен апаңардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн таап келгиле, ансыз биз эч жардам бере албайбыз” деп ийиндерин куушурушкан. Өзү 1914-жылы туулдум деген, өмүрүнүн жарымын көзү көрбөй, караңгылыкта өткөрүп келе жаткан адамдын туулгандыгы тууралуу документтери кайдан табылсын?…

Учурда бул факты коомчулукка чыгып кеткен соң Сузак райондук прокуратурасы Шарапат Мамаюсупованын өздүк документтерин тактоо тапшырмасын райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүнө бергени анык болду. Балким, ушундан соң  иш ордунан жылып, кылымга тете жашаган чоң эне паспорттуу болуп, пенсия алып калышы ажеп эмес. Ошону менен катар эле жарандык паспорттун баасы 1000 сомго жетпеген маалда, небересинин ишенчээктиги менен алсыздыгынан пайдаланып, 3500 сомду жымырып алган жергиликтүү шумпай мамкызматкер да өз жазасын алса, ал эми дөөлөттүү карыны камкордукка алууга жарабаган жергиликтүү соцкызматчыларга жок дегенде сөгүш берилсе, коомчулукка жакшы сабак болот эле.

Тынчтык Алтымышев

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: