Menu

Венгриялык профессор Миклош Кун Жогорку сотто болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имаратында Венгриядан келген окумуштуу, изилдөөчү, профессор Миклош Кун болду.

Миклош Кун мырза Венгрияда жана дүйнөдө абдан белгилүү Бела Уитц аттуу сүрөтчүнүн чыгармачылыгын изилдеп келе жаткан окумуштуу. Ал азыркы Жогорку соттун имаратына бир кезде Бела Уитц тарткан фрескаларды көрүү үчүн атайын Венгриядан учуп келген.

Аны Алматы шаарындагы Венгриянын консулдугунун Башкы консулу Ференц Блауманн мырза, Кыргызстандагы Венгриянын Ардактуу консулдугунун Башкы ардактуу консулу Генрих Балян мырза, Алматы шаарындагы Венгриянын Башкы консулдугунун тышкы экономика боюнча атташеси Дёрдь Тар мырза жана Кыргызстандагы Венгриянын Ардактуу консулдугунун кеңешчиси В. Саулин мырза коштоп келишти.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жаңы көчүп кирген азыркы имараттын бай тарыхы бар. Ал жаңы курулгандан кийин Кыргыз ССРнин Жогорку Совети отурган жай болгон. Алгачкы өкмөт үйүнүн имараты 1936-жылдары курулган. Имаратты ошол кезде Кыргызстанда иштеген чет элдик, так айтканда венгр сүрөтчүсү Бела Уитц өз фрескалары менен кооздоп сүрөт тартып чыккан.

Ушу кезде да бул тарыхый имараттын ичинде бир кездеги фрескалар 80 жыл болгондугуна карабай сакталып калган.

Профессор Миклош Кун өз мекендеши тарткан тарыхый фрескаларды көрүп жатып, анын өмүр баянындагы Кыргызстанга байланыштуу кызыктуу фактылары менен бөлүштү.

Сүрөтчү өзүнүн чыгармачылык жолунда көп кыйынчылыктарды көрүп, Ата мекенинде гана эмес, Москвада дагы, Кыргызстанда дагы куугунтуктарга туш болгон.

Атактуу венгр сүрөтчүсү Бела Уитц Кыргызстанды жаңыланууга мүмкүнчүлүк катары, өз талантын чындап ача турган жер катары көргөн, бирок ал мүмкүнчүлүктү, тилекке каршы колдоно алган эмес. Ага карабастан сүрөтчү Кыргызстанда тартылган сүрөттөрүн өзүнүн коллекциясында сактап калган. Кыргыз жергесин ал өзүн ажалдан аман алып калган ажайып жер катары жакшы көрүп, ошол учурду чыгармачылыгынын гүлдөп турган кези катары баалаган. Кыргыз дыйкандарынын, малчыларынын чыныгы катаал турмуштун изи түшкөн жүздөрүн чагылдыргысы келген.

Миклош Кундун айтымында, Бела Уитц Ленин менен Сталиндин портреттерин эң мыкты тарткан сүрөтчү болгон. 

Бул баянды профессор Миклош Кун атактуу сүрөтчү Бела Уитцге арналган китеп жазуу жана анын чоң коллекциясынын көргөзмөсүн уюштуруу пландары бар экенин айтып жыйынтыктады.

Иш-чаранын соңунда коноктор соттун өкүлдөрүнө кызыктуу экскурсия үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

miklosh-kun2 miklosh-kun

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: