Бишкекте 6 миң 382 мыйзамсыз курулуш бар. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин парламенттик отурумунда Мамэкотехинспекциянын өкүлү Айнур Кенжебаева билдирген.
Анын айтымында, мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, 3 миң 589 курулуш объектин мыйзамдаштырууга мүмкүн экендиги аныкталган. Бирок, калган 2 миң 793 объект кооптуу жерлерде жайгашкандыктан, аларды мыйзамдаштыруу кыйын.
“Мыйзамсыз курулуштар көбүнчө “ГЭС-5”, “Дордой”, “Алтын казына”, “Ак-Босого” жаңы конуштарынын аймагында жайгашкан. Аталган 5 миң 589 курулуштун ичинде магистралдык жолдордун боюнда, коммуникация бутактарынын жанында жана социалдык объекттердин ордунда курулган объектилер дагы бар”, – деп маалымдаган Айнур Кенжебаева.
Депутаттар мыйзамсыз курулуш обьектилерди, тамдарды легализациялоо боюнча сунушталган мыйзам долбоорду талкулашууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ