Menu

Дубнов: Атамбаев саясатта каларын Кремлге ишара кылды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев өз билдирүүсү менен президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да саясатта каларын Кремлге ишара кылды. Мындай пикирин Борбор Азия боюнча саясий эксперт Аркадий Дубнов билдирди.

Ал президент Атамбаевдин “президенттик шайлоодон кийин да саясатта калам” деп ырастоосу өзү сүрөгөн талапкерге Москванын колдоосун күткөнү деп эсептейт:

-Алмазбек Атамбаев “мен сүрөп чыккан талапкерди Москва коркпой эле колдой берсе болот” дегенди ишара кылды. Келечектеги талапкер Орусияга ыктаган саясат жүргүзөт жана Атамбаев президенттиктен кетсе да, саясатта калып, аны көзөмөлдөй алат деген сөз болушу мүмкүн. Мындай жол менен Путинди кийинки бийликте да учурдагы жүргүзүлүп жаткан саясат улантылат деп, көндүргүсү келди окшойт.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин 28-февралда Бишкекте жолуккан. Жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында Атамбаев президенттиктен соӊ да саясатта каларын айткан.

Путиндин бул сапарын Кыргызстанда күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого байланыштырып, өзүнүн талапкерин таңуулайт деген пикирлер да айтылган. Ошондой эле акыркы убактарда президенттикке талапкерлер ириде Москванын макулдугун алышы керек деген каңшаарлар арбыган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: