Menu

Трамптын күйөө баласы орус элчиси менен жолукканы айтылууда

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамптын ага кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер менен коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи Майкл Флинн АКШдагы Орусия элчиси Сергей Кисляков менен жолугушкан. Бул тууралуу The New York Times кабарлоодо.

Басылманын өз булактарынын маалыматы боюнча жолугушуу өткөн жылы Нью-Йорктогу Трамп-тауэр мунарасында өткөн. Ал убакта Трамп али расмий түрдө кызматына кириши элек болчу. Гезиттин баяндашынча, өткөөл учурда штабдын мүчөлөрүнүн чет өлкөлүк чиновниктер менен жолугушуусуна жол берилет. Бирок Орусия АКШ шайлоосуна кийлигишкен деп шектелип жаткан маалда буга өзгөчө көңүл бурулууда.

Бул арада The Washington Post гезити АКШнын башкы прокурору Жефф Сшенс сенатор кезинде эки сапар Орусиянын Кошмо Штаттардагы элчиси Сергей Кисляков менен жолукканын кабарлады. Биринчи жолкусунда алар америкалык шайлоо системасына жасалган киберчабуул тууралуу белгилүү болгондо кездешкени айтылууда. Сенатта Сешнстин талапкерлиги башкы прокурорлукка көрсөтүлүп жатканда ал бул тууралуу айткан эмес. Сешнстин орус бийлиги менен болгон байланышы белгилүү болгондон кийин АКШ Конгресинин Өкүлчүлүк палатасындагы демократтардын лидери Нэнси Пелоси анын отставкасын талап кылды.

Быйыл февралда Орусиянын АКШдагы элчиси менен санкциялар тууралуу телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү үчүн Трамтын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн кызматтан кеткен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: