Касапчы жок дегенде бир чымчыкты баса калып союп жибермейин, мушкер бирөөнүн тумшугун каңдамайын, акын айласы кетсе ташка да ыр жазып иймейин эч калтыра албагандай эле «үрөнү» журналист Нурлан Шакиев жакында жеке менчик телеканал ачканы жатканын билдик. Убагында гезиттен эмгек жолун баштап, кийин президент Курманбек Бакиевге пресс-катчы, андан соң ЭлТР телеканалына башкы директор болуп журналистикада алчы-таасын жеп калган Нурлан мырза кантип жерде калсын?! Кайсыл жерден болбосун жол таап кеткенге эпчил эмеспи. Анын үстүнө колдоп-коштоочулары да күчтүү дегендей. Демек маалымат айдыңы дагы бир татыктуу атаандаш менен катарын толуктайт экен да.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ