Menu

Тажикстанда ММК ачууда эми УКМКдан маалымкат алуу талап кылынат

Бөлүшүү:

Мындан ары Тажикстанда басмакана же басылма ачууда башка уруксат кагаздары менен катар эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен маалымкат алуу да талап кылынат.

Жаңы эрежелерди камтыган документ тажик өкмөтү тарабынан 25-февралда кабыл алынды. Ага ылайык, эми өлкөдө ММК ачууну каалагандар «Тажикстандарттын», өрткө каршы кызматтын жана медициналык мекемелердин уруксат кагазынан тышкары, УКМКдан маалымкат алууга милдеттүү болушат. Бирок документте коопсуздук органынан алынчу кагаздын кандай мүнөздө болушу керектиги так түшүндүрүлгөн эмес.

Өлкөнүн Маданият министрлигинин маалыматына караганда, жаңы тартип тармакты натыйжалуураак жөнгө салуу жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилди.

Тажик укук коргоочулары жаңы эрежелер, анын ичинде УКМКдан маалымкат алуу зарылдыгы басылма ачууда тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө 312 басмакана, 376 гезит, 319 журнал жана 10 маалымат агенттиги бар. Алардын көбү жеке тараптарга тиешелүү.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: