Menu

Таласка Айдар Жусупбеков мэр болду

Бөлүшүү:

11-декабрда шаардык жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болгон. Арадан 3 ай өтсө да айрым шаарларга мэрлер шайланбай, соодалашуу кызуу жүрүп, айрымдары таркап эле кетпейлиби десе, кээ бирлери шайлоонун шайтан оюндары менен ойноп, добуш берүүгө келгенде кошуна Тажикистанга чейин кирип кетип чыкпай, эс алып жатып алган учурлар да катталды. Мына ушундай окуялардан Талас шаары четте калбай, депутаттар кворум болтурбай жатып, акыры кечээ депутаттарды тапанча такап алып келиштиби же чөнтөктөрүн кампайттыштыбы ким билсин, айтор кворум болуп, Талас шаарына мэр шайланды. Буга чейин белгилүү болгондой, “Кыргызстан” фракциясынан Насыр Турдумамбетов менен “Республика – Ата-Журт” фракциясынан Айдар Жусупбековдор мэрлик орунду талашкан болчу. Бирок “Кыргызстан” фракциясынан чыккан Насыр Турдумамбетов өткөн жума соцунда белгисиз себептерден улам талапкерлигин алып койгон. Айдар Жусупбеков жалгыз талапкер катары шайлоого катышып, шайлоодо шаардык кецештеги 31 депутаттын 24ү аны колдоду. Не демекчибиз, жаңы мэрдин ишине ийгилик каалап кетмекчибиз.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: