Бар, же жок экени билинбеген Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева: “Орто мектептерди он эки жылдык кылалы» деп чыкты. Кызык, жакында эле окуучуларга 5-күндүк окуу программасы киргизилген болчу. Анын себебин: “бизде окуучуларга жалпысынан 14 миң сабак берилсе, өнүккөн өлкөлөрдө 10 миңдин тегерегинде гана сабактар берилет экен, биз да андай кылбасак болбойт, оор болуп атат” – деп жаткан. Минтип бир төө деп, бир бээ деп билим берүү тармагын такыр талкалайт өңдөнүп калды окшойт. Бул жоругу менен эптеп эле бир жыл болсо да балдарды ата-энелердин мойнуна мингизип турууну эп көрүп жаткандай. Андай 12 жылдыкка өткөрө турган болушса, кошумча повар, токарь, сантехник, сварщик сыяктуу кесиптик билим беришсин. Окууну бүткөндө көчө тапташпай иш табышкандай болушканга…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ