Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр каралып, экинчи окууда жактырылды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.
Мыйзам долбооруна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир жыл аралыгында бир миллион сомго чейинки сатып алууларды тендерсиз өткөрүү сунушу келтирилген. Ал эми учурда колдонулуп жаткан Өкмөттүн бул жааттагы токтомунда бир жыл ичинде 800 миӊ сомго чейин бир жолу гана тендерсиз сатып алуу ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Демилгечи депутаттардын бири Улукбек Ормонов белгилегендей, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнүмдүк муктаждыгына зарыл болгон нерселерди жана кызматтарды тендерсиз сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Ошондой эле демилгечилер интернет кызматтарынын жана башка техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, айыл өкмөттөрдөгү сатып алууларда бир катар көйгөйлөр жаралып жаткандыгын жүйө келтиришкен.
Мындан тышкары, комитет жыйында “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөгү” жана “Мамлекеттик ипотекалык турак-жай насыясы жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору да колдоого ээ болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ