Menu

Маданият министрлиги “Китеп искусствосу-2017” сынагын жарыялайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана туризм министирлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, министрлик 23-апрель дүйнѳлүк китеп күнүнѳ карата «Китеп искусствосу» аттуу  басмалар жана китеп чыгаруучу ишканалар арасында тѳмѳнкү номинациялар боюнча улуттук сынак жарыялайт:

«Ѳнѳр» – номинациясына жогорку полиграфиялык, кѳркѳмдүк денгээлде басылган, сүрѳт жана искусство боюнча альбомдор, китептер, миниатюралык басылмалар кабыл алынат;

«Жеткинчек» –номинациясына балдар жана ѳспүрүмдѳр үчүн заманбап проза, ырлар жана таанып билүүчү кѳркѳмдѳп-жасалгаланган китептер кабыл алынат;

«Мура»с- номинациясына улуттук каада-салттарды, акыл-ой баалуулуктарын,  тарыхый-маданий мурастарды, ѳлкѳбүздүн түзүлүүсүн ѳткѳн жолун чагылдырган китептер кабыл алынат;

«Замандаш»– номинациясына замандын жаркын образын түзѳ алган, учурдун, окурмандардын чоң суроо талабына  ээ болгон китептер кабыл алынат;

«Илим»-номинациясына илимий жетишкендиктерди кѳргѳзгѳн, билим берүүгѳ, илим изилдѳѳлѳрүнѳ салымын кошкон, фундаменталдык жана окуу-педагогикалык,энциклопедиялык китептер кабыл алынат;

«Чеберчилик»– номинациясына ѳзгѳчѳ кѳркѳмдѳп-жасалгаланган, китеп графикасынын талабына жооп берген, сүрѳттүү китептеркабыл алынат;

Гран-При «Алтын мукаба»- номинациясынакитеп басып чыгаруу тармагында ѳзгѳчѳ жаңылык болуп, уникалдуу, ар тараптуу, маанилүү, мазмундуу, эл аралык  китеп коомчулугуна алып чыгууга татыктуу китебтер кабыл алынат.

Китептер 2017ж. 17 апрелине чейин тѳмѳнкү адрес боюнча кабыл алынат: Бишкек ш. Абдрахманов к-сү 170а, каб.27

Байл.тел.: 66-57-25, 66-03-62, 62-04-71

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: