Орусия өздөрүн «элдик республика» деп атап алган Донецк жана Луганск облустарынын айрым райондорунун жарандарына Орусияга кирүүдөгү жеңилдетилген тартиптерди берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Мамлекеттик Думадагы жана Орусиянын Ички иштер министрлигиндеги булактарына шилтеме кылып РБК билдирди.
«ДНР» жана «ЛНР» аймактарынын паспортторуна ээ адамдар Украинанын жарандары үчүн каралган миграциялык эрежелерге баш ийет. Алар Орусия аймагында жашоого уруксат алышпаса, өлкө аймагында болгону 90 күнгө чейин жүрө алышат.
18-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атап алган аймактардын документтерин тааный тургандыгы жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Украина Орусия бийлигинин бул аракети Минск келишимдерин бузарын айтып, аны жокко чыгарууну талап кылган. Кремль Орусия тараптан «ДНР» менен «ЛНРдин» паспортторунун таанылышы эл аралык укуктарды бузбай турганын билдирүүдө.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ