Menu

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

«Биздин элдер көп кылымдар бою аздектеп келаткан Нооруздун жаркын салттары бүгүн эл аралык таанууга ээ болду. Нооруздун ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурасынын тизмесине киргизилиши анын кайталангыстыгын жана жалпы адамзаттык маанисин ырастайт. Ошондой эле биздин өлкөлөрдүн элдеринин достукка, адамгерчиликке жана тынч жанаша жашоого чакырган гуманизм жана эмгекчилдик принциптерине бекем берилгендигин күбөлөйт.

Бул жаз жана жаңылануу майрамы Сиз үчүн жана сиздин өлкөнүн эли үчүн кубаныч, бакыбаттык жана өсүп өнүү менен коштолсун», – деп айтылат Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: