Menu

Кытайбек Раманов , коомдук ишмер, журналист: “Биз кантип Кыргызстанды мамлекет, Атамбаевди президент деп айтабыз?”

Бөлүшүү:

Мен колума калем кармаардан мурун көпкө ойлондум. Ары толгондум, бери толгондум. Жазсамбы, жазбасамбы дедим. Акыры жазайын деп колума калемсап кармадым. Жазбасам болгудай эмес. Жазбай, айтпай, унчукпай жүрө берсек Кыргызстанды жоготуп алчудайбыз. Ушу менин башымдан өткөн кичинекей окуя эле мамлекетке ахвалдын өтө оор экендигинен кабар берет.

Эмесе баштайлы, мен жумушума Жибек Жолу көчөсү менен келип Орозбеков көчөсү менен өйдө көтөрүлөм. Орозбеков көчөсүнүн оң жагында (күн батыш жагы) № 8 ГОМ, сол жагында “Кыргызэнергохолдинг” компаниясы жайгашкан. Мына ушул жерде көбүн эсе ушу эки мекеменин кызматкерлеринин жеңил машиналары токтоп турат. Алар жолдун аркы өйүз, берки өйүзнө бир катардан турса бул жол менен машиналар эки тарапка өтө алышат, жол жүрүү коопсуз болот. Эгерде токтоп турган машиналар жолдун бир жагында 2 катар туруп алса, анда жүрүп бара жаткан машиналар кайчы өтө албай бири өтсо, бири токтоп турууга туура келет да жол жүрүү өтө кыйындап, адамдын өмүрүнө коркунуч келет. Мына ушул адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиргендин копчүлүгү милиционерлер менен таксисттер экендигин Мен башымдан өткөн окуядан кийин билдим.

Күндөгүдөй эле Жибек Жолу менен келип, Орозбеков көчөсү менен оңго бурулдум. Бир аз жүрүп, жүрбөй өйдө жактан ылдый карай мени көздөй чоң ылдамдыкта келе жаткан рулунда жаш кыз отурган Ленд Круизер машинасы мени тебелеп кетчүдөй болуп келе жатты. Себеби сол жакта II-катарга Фольксваген Гольф‑3 машинасы туруп алыптыр. Жан таттуу экен мен таштанды салынган контейнерлер койчу жердин бир жагына кире качтым. Ленд Круизер мага тиер тийбес болуп өтүп кетти. Мен өзүмө келип, келбей Фольксвагенди көздөй чуркадым. Үрөйү учкан Фольксвагендин шоферу “Клиент мени ушул жерге токтотуп, 5 мүнөттө келем” деп кетти эле деп актанып жиберди. Мен ага бир эки нааразычылык сөзүмдү айтсам керек, ылдый жакты карасам бир майор, эки-үч милийса менен сүйлөшүп туруптур. Жандарында экинчи катарда С маркасындагы кызыл Мерседес турат. Мен майорго эй майор мынабул таксистти алып барып камачы, алдагы жерден мерседести да камагын деп кыйкырдым. Майордун жини келип кетти окшойт “Ал менин мерседесим, сен менин машинамды камагандай ким экенсиң” деп мага басып келди дагы Мени курдан алып, ГОМдун ичине сүйрөп кирип, аябай сабады. Анан дежур судьялары бар окшойт “Мени 1-май райондук сотуна алып барды. Ал жерден сотту 2–3 саат күттүк.

Ишти 1-Май райондук сотунун судьясы А. Э. Боромбаев карап, Мага 5-айлык расчёттук көрсөткүчкө барабар штраф салды. Боромбаевдин бул токтомун Бишкек шаардык сотунун судьялары Момуналиев А. Ж., Есекеев К. С., Чериков Н. Клар карашып, 22-июль 2016-жылынын аныктамасы менен күчүндө калтырышты. Эми бул судьялардын кайсы фактылардын, мыйзамдардын негизинде мени айыпка жыккандыгын карап көрөлү.

Боромбаевдин 2016-жылдын 28-июндагы Соттогу Заседаниянын Протоколу менен таанышсак. Анда судья Боромбаев мени И. Изюмов деп атап, окуя 30-июнда болгондугун тастыктайт. Окуя 30-июнда болсо, судья 28-июндагы окуя менен аныктама чыгарса, аны окубай туруп эле шаардык соттун судьялары бул аныктаманы бекитип беришсе, биз Кыргызстанды кантип мамлекет деп, Атамбаевди президент деп айтабыз. Себеби Кыргызстанда сотторго Президенттен башканын алы жетпейт. Соттор көз карандысыз. Ошондуктан убагында эки премьер министр (Ф. Кулов, Ө. Бабанов) “Кыргызстанга сотторду Англиядан же Америкадан алып келели дешип”, чоң эле жыйналышта шолоктоп ыйлашпады беле. Бирок биздин президент бирде Кишиневго, бирде Стамбулга уча берип, сотторго көз салганга убактысы жетпейт окшойт, бир дагы судья Кыргызстанда туура эмес чечим чыгаргандыгы үчүн эгемендүулүкүн чейрек кылымдык убагында жоопко тартылыша элек. Соттордун проблемасы жөнүндө өзүнчө чоң талкуу өткөрсөк жакшы болоор эле, ошондуктан өз окуябызга кайра келели.

Элди тартипке чакырсаң, милиция менин машинемди жолдон ал дейсиң деп сени сабаса, соттор сага штраф салса, биз кантип Кыргызстанды мамлекет деп, Атамбаевди Президент деп айтабыз. Бул бардак. Бул болгондо да атайлап жасалып жаткан бардак. Бирок бул бардакты колдобой мыйзамды сыйлап, тартипти талап кылгандар да арбын. Мына ушулардын күчү менен Кыргызстан деген мамлекет сакталып турат.

Ошентип мен айлам кетип, амалым түгөнгөндө чындык издеп, Жогорку Сотко келдим. Жогорку Сотто жумуш көп себеби, Кыргызстанда башталган араздашуунун 90–95% Жогорку Сотко жетет. Ал эми мыйзам жолго коюлган Батышта, Америкада арыздардан 10–20%ти эле Жогорку Сотко жетет. Мына ушунун өзү эле Кыргызстандагы сот адилетүүлүгүнүн өтө төмөндүгүн көргөзүп турат. Ахвалдын эмне үчүн мындай экендигин талкуулоо көп талаш-тартыштарды жаратат жана өтө узун териштирүүнү талап кылат. Мына ошондуктан менин Мент, таксист менен болгон чатагыма кайра келели.

Белгиленген күнү Жогорку Сотко келдим. Жогорку Соттун судьялары К. А. Бокоев, Б. Б. Бактыгулов, А. Б. Темирбековдор Менин “Тентек” кылган ишимди карашты. Алар көргөн көздөрүнө, уккан кулактарына да ишенишкен жок окшойт. Токтоо 70ке барып калган симпатичный чалдын жөн жерден эле көрүнгөндү жакалап, оозунан ар кандай сөздөр чыкканына дени таза адамдар ишенбейт деп ойлоймун. Мен болгону мамлекетте болуп жаткан баш аламандыктан пайдаланып, адам өмүрүн 5 сомдон ылдый койгон шоферду, мамлекет берген чексиз бийликке ыңсыраган ментти тартипке чакырсам аны үчүн сот жообуна тартылсам бул мамлекетти кантип мамлекет деп айтууга кимдин оозу барат. Бул мамлекеттеги болуп жаткан бардактын жыйынтыгы гезит окубаган башы ооган жакка уча берген президенттин мамлекет башкара албай калгандыгынан болуп жатат.

Бирок, Кыргыздын уучу кур эмес экен, жогоруда аты аталган Жогорку Соттун судьялары соттук иликтөөнү абдан дыкаттык, жогорку профессионалдык тактык менен изилдөө жүргүзүшүп, соттук ишке тиркелген материалдардан мени жоопко тартуучу фактылардын жоктугуна карабастан мени Рамановду кайдагы бир Изюмовго теңеп, райондук, шаардык соттордун мени 5 айлык акыга айыпка жыккан чечимдерин мыйзамсыз деп табышты. Жонуман бир чоң оор жүк алып салгандай эле болду. Мен 5 айлык айыптан кутулганыма сүйүнгөн жокмун. Мен Жогорку Соттун 3 судьясы мамлекетти сактап калганына кубанып жатамын. Оо жараткан! Кыргызымдын уучу куру эмес экен. Эгерде Жогорку Соттун судьялары дагы Ментти колдошсо эмне болот эле. Анда Кыргызстанда зордук зомбулукка жол ачылмак. Бул Кыргызстандын мамлекет катары кулай башташынан алгачкы белгиси болмок. Бирок Кыргыз мамлекетинин кулай башташынын белгилери райондук, шаардык соттордон башка Кыргыз мамлекетинин башка фискалдык органдарында ачык эле көрүнө баштады. Акаев менен Бакиевдин мезгилдеринде мындай көрүнүштөр байкала элек эле. Ал эми Атамбаевдин убагында мыйзамды көзөмөлдөөчү органдарда (прокуратурада) атын оңдуу жаза албагандар пайда болду. Бул жетекчи кызматтарга Атамбаевдин 6-класс билим барларды коё баштагандан да өтө коркунучтуу. Себеби мында нааразы болгондордун талабын так текшерип, мыйзамдуу туура чечим кабыл алып, жооп жазуу керек. Бирок иш жүзүндө райондук масштабда жарандардын кайрылуусуна тыңдап жооп жаза албаган райондун прокурорлору пайда боло баштады. Эмесе окурманым угуп тур.

Бишкектин чок ортосунда Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында тири шумдуктай адам укугун бузуу бар экендигин күбөөсү болдум. Бул жерге 2015-жылдын жарымында ректор болуп А. Т. Насыров келет. Ал келээри менен эле Академиянын бардык кызматкерлери менен убактылуу кызматка алуу келишимдерин түзө баштайт. Бул барып турган зөөкүрлүк, мыйзамды каратып туруп эле бузуу, өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем дегендик. Ал эми мыйзамды бузгандыгы үчүн эмне болот? Мыйзамды атайлап бузган адам түрмөгө отурушу керек. Бул жөнүндө КР кылмыш жаза кодексинин 143-статьясында ачык эле жазылып турат. Мыйзамда кызматкерди мыйзамсыз жумуштан кубалоо жана эмгек жөнүндө мыйзамды одоно түрдө бузуу жетекчини 50 расчеттук көрсөткүчкө айыпка жыгуу же 5 жылга жетекчилик кызматтан кетирүү жазасын колдонсо болот.

Мен А. Т. Насыров тарабынан Университетте массалык адам укугун бузуу фактылары боюнча шаардык прокуратурага кайрылам. Шаардык прокуратура менин арызымды Бишкек шаарынын 1-май райондук прокуратурасына жөнөтөт. Урматтуу окурман менин жазган арызым менен 1-май райондук прокуратурасынын жообуна өзүңүздөр күбөө болуп жыйынтык чыгарыңыздар.

Менин прокуратурага жазган арызымды бирге бир кайталоонун деле кереги жок. Мен өз арызымда академиянын ректору А. Т. Насыров адам укугун бузуп, университетте өз мыйзамын киргизип, өзүм билемдик кылып, баардык мугалим кызматкерлер менен убактылуу кызматка алуу келишимин күчтөп түздүрүп жатканы жөнүндө прокуратурага билгизип ректорго мыйзамга ылайык чара көрүүнү талап кылдым эле. Урматтуу окурманым эми 1-май районунун прокурору Мага берген жообун сөзмө сөз келтирели. Анда минтип жазылып турат.

“Сиздин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жазган арызыңыз боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз. КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан 2016-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна Биринчи май райондук сотунун 01.04.2016-жылдагы чечимине жана Бишкек шаардык сотунун келтирилген бүгүнкү күндө бул иш КР Жогорку сотунун кароо стадиясында” Урматтуу окурман.

Мындан райондук прокурордун анык эле желдеп калганы байкалып турат. Райондук, шаардык, Жогорку соттордун бул жерде кандай тиешеси бар? Себеби рекор Насыровдун иши сотко жетмек түгүл прокурорлор тарабынан будамайланып, тергөө да баштала элек да.

Мына ушундан кийин биз кантип Кыргызстанды мамлекет деп Атамбаевди президент деп айтабыз. Мен мындай сөздөрдү айтууга дагы бир өтө олуттуу фактым бар.

2011-жылы күзүндө Ысык-Көлдөгү Чолпон-Атадан көп алыс эмес жерге (Буланды Сөгөттү айылынын түбүндө) салынган калкта “Аврора” деп аталып калган эс алып, дарылануучу комплекске мурда дегеле бир жерде мамлекеттик кызматта иштебеген Акибаев Аскат директор болуп келип калат. Ал келээри менен эле ичип жегенге кирет. Мына ошондуктан 100гө жакын кызматкерлерди кубалап, алардын ордуна өң тааныш, туугандарын алып келет. Кыскасын айтканда Акибаев бухгалтери менен бирге ай сайын 3,0 миллион сомдон мамлекеттен уурдап турат. Муну териштирип далилдөө үчүн кыйын болсо 1 саат 1,5 саат убакыт керек. Биздин Башкы прокуратурага, Эсептөө палатасына, Финполго, Өкмөткө, Президентке жазган арыздарыбыз ошондон бери шумпайлык менен текшерилбей келе жатат. Мына ушундан кийин Биз кантип Кыргызтанды мамлекет деп, Атамбаевди президент деп айтабыз.

Башкы маселебизден алаксып кеттик окшойт. Мент Нуркуловго кайрылалы. Тартип боюнча мен Нуркуловдун үстүнөн КР ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук башкармалыгына арызданам. Ал жерден Нуркуловдун акмакчылыгын көрүп, билип турган кызматкерлер анын үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылышып, тартип боюнча 1-Май райондук прокуратурасына кайрылышат. Урматтуу окурманым окуянын эмне менен бүткөнүн билип-сезип тургандырсың. Прокурор К. Акимбаева майор Нуркуловду таптаза актап чыгат. А деген арипти тааныбаган, болгон окуяга баа берип, аны жогорку деле болбоого, өз деңгээлинде иликтөөгө жарабаган адамдын Борбордун борбордук районуна прокурор болуп отурушу республикада ахвалдын өтө коопту да, начар да экендигин билгизет. Себеби, Атамбаевке баарын чогултуп келип кыскартып айтканда Бөрк ал десе баш алган сабатсыз жана абийирсиз Г. Акимбаева сыяктуу адамдыр керек. Себеби окурман өзүн туюп, билип таргандырсың. Муну биз мыйзам менен эмес “понятия” боюнча жашоо дейбиз. Ал эми понятия боюнча жашоонун өмүрү кыска эле эмес өтө коопсуз экендигин тарых тастыктап келе жатат. Эгер буга Атамбаев макул болбой, бирдеме дей турган болсо анда Мен аны ачык теледебатка чакырамын. Мейли ал өзү менен кошо Президенттин бүт аппаратын, юристтерин, кошоматчыларын ээрчитип алса да макулмун, мен теледебатка өзүм жаңгыз барамын. Себеби, Мени асмандан аллах, жерден элим колдоп турат жана Мен Атамбаев жана анын досторуна караганда алда канча билимдүү адаммын жана чындык мен тарапта.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: