Menu

Атамбаев: Кыргызстанда үчүнчү революция болбойт

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргызстанда үчүнчү революция болбой тургандыгын» билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн 2005-жылдагы март революциясына арналган гүлбактын ачылышында айтты.

«Владимир Путин менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында мен ийгиликсиз тамашалаган окшойм, бирок Кыргызстанда үчүнчү революция болбойт. Мага ишенип койгула. Азыр өлкө таптакыр башка, ал үчүн эч кандай негиз жок. Толкундоолор болбойт. Толкундоолорду жараткандардын бардыгы тең мыйзам алдында жооп беришет. Оюндардын, көшөкөрдөнүүнүн мезгили бүттү», — деди Атамбаев.

Мамлекет башчы 28-февралда Орусия президенти Владимир Путин менен биргеликте Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында революцияларга «чекит коюлганын» билдирген.

Өлкөнүн буга чейинки эки президенти — Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев — өкмөткө каршы өткөн нааразылык акцияларынын жыйынтыгында бийликтен түшүп, чет өлкөлөргө качып кетишкен.

«Буга чейинки эки ыңкылаптын тең лидери мен болгом. Эгер үчүнчү революция болсо, аны мен жасабайм. Ыңкылаптарга чекит коюлду. Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүшү керек», — деп билдирген анда Атамбаев.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: