Жалал-Абад шаарында 100дөн ашуун студенттин катышуусу менен “Биз кургак учукка каршыбыз” аттуу жөө жүрүш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.
Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнүнө карата шаарда атайын буйруктун негизинде 24-февралдан 24-мартка чейин бир айлык жарыяланган эле. Анын ичинде бала-бакчаларда, мектептерде тарбиялык-түшүндүрүү иштери өткөрүлсө, областтык үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан шаар тургундарына түшүндүрмө кагаздар таратылды.
-Жалал-Абад шаарынын орто окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин студенттери-окуучулары атайын жөө жүрүшкө чыгышты. Бул күнгө карата алар атайын тематикалык дубал газеталарды даярдашкан. Бул акцияны өткөрүүнүн негизги максаты – жаштар арасында ооруга байланыштуу басмырлоону жоюу, кургак учук оорусу кандай жолдор менен жугаарын, кантип анын алдын алса болорун түшүндүрүү. Бул биздин биринчи акциябыз эмес, мындай акцияны жыл сайын өткөрүп келебиз, – дейт ал.
Алынган маалыматка караганда, акциянын жүрүшүндө жаштар арасында суроо-жооп оюну болуп, жеңүүчү студенттерге “Улуттук Кызыл Ай” коому тарабынан белектер берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ