«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 28-мартта саат 9:00дон 17:00го чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда таза суу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
«Киркомстром» суу алгычын оӊдоп-түзөө иштерине байланыштуу Дэн Сяопин, Абакан, Мурманская, Садыгалиев, Волкова жана Кустанай көчөлөрүндө, анын ичинде: «Бишкекжылуулукэнерго» КИнин буу казанында, «БСМ», «Нургаз» ЖЧКларында Бекбоев медициналык борборунда, «ЧП Васипов», кичи наабайканасында, «Бактылуу өлкө» бала бакчасында, Балдарды коргоо борборунда, №37 балдар комбинатында, №42 орто мектебинде, жана №97632 аскер бөлүгүндө таза суу берилбейт.
«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме, уюмдарды таза суу камдап алууларын суранат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ