Menu

Эдил Байсалов: «ELEKTROMED» компаниясынын 90 пайызы Алмазбек Атамбаевдики болсо, 10 пайызы Эдил Байсаловдуку»

Бөлүшүү:

— Эдил мырза, сиз Түркияга барып, президент өзү жар салган ал жактагы мурунку мүлктөрүн иликтеп, тийиштүү документтерди алып келиптирсиз. Президенттин сатып жибергем деген мүлктөрүн иликтеп сизге не күч келди? Мен дагы саясат жасаганды билем дегендей өзүңүздү көрсөткүңүз келдиби?

— Президент өзү жарыялагандан кийин биз да ошол документтерди көрөлү деп бир нече жолу кайрылдык. Колубузга бербегенден кийин Түркияга барып, документтерди алганга туура келди. 5-апрель күнү президент өзү жарыялаганда эле менин кулагыма катуу угулду. 45 млрд түрк лирасы 35 млн доллар болбой турганын ошол эле күнү билгем. Кыргыз саясатына кызыгып, ичинде кайнап жүргөн адам катары 2003-жылы 35 млн доллар эмес, 35 миң доллар дегенде дүркүрөп турган кез болгонун жакшы билем. 45 млрд түрк акчасы 35 млн доллар эмес, 27 миң доллар боло турганын дароо эле эсептеп чыктым. Президент өз байлыгын айткандан кийин маалымат кызматы же прокуратура документтерди жарыялап чыгабы деп бир жума күттүм. Андай кадам болгон жок. 12-апрелде президенттин маалымат кызматы кечирим сурап “Биз 45 млрд түрк лирасы 35 млн долларга барабар болгон деп айткан жокпуз. Бирок, “Elektromed” деген холдингдин ичиндеги ишканалардын аттарын да жазып, ошонун 90 пайыз акциясы президенттики болчу” деп айтып жатышпайбы. Маалымат кызматы ушул нерсени чыгарбай койгондо президенттин мүлкү сатылган деген бойдон калмак.

— Бирөөнүн чөнтөгүндөгү тыйынды санаган уят иш эмеспи?

— Маалымат жыйын өткөрүп жатканда дагы бийликчил маалымат каражаттарынын журналисттери да “Президенттин канча байлыгы бар экенин саноо сиз үчүн зарыл жумушпу?” деп тийишип жатышпайбы. Аларга президенттин байлыгы өзүнө эле буйрусун деп айттым. Алмаз Шаршенович дайыма эле бай киши болгон. Көчөдө эле басып жүргөн киши болчу деп башкалар айтса да, мен андай сөздү айтпайм. Анткени, убагында ал кишинин жанында жүргөндө менин тоюма белек кылган учурлары болгон. Муну айтып эле жүрөм. Ал кишинин колунда бар. Башка саясатчыларга салыштырмалуу Алмаз Шаршеновичтин колу ачык. Аны кантип унутайын? Ал киши өзү башкы прокурорду кабыл алып, ага документтерди тапшырып, жарыялап жатат. Эгер ал киши өзү жарыялабаганда өзүм эле чукулап чыксам жарашпай калмак. Ал түгүл азыр жогор жакта уурулар деле жүрөт. Аларды деле билмексен болуп жүрөбүз го. Президент өзү жарыялаганда эле 45 млрд түрк акчасы ошол убакта 35 млн доллар болбогонун билгем. Атамбаевдин 35 млн доллары болгон болсо аны баарыбыз билмекпиз. Андан бери кандай гана сөздөрдү айтып майдаланбады. Эң чоң жетишкендигин кантип айтпай коёт болчу? Бул тууралуу эч нерсе айткан эмес. 12-апрелде маалымат кызматы ““Elektromed” компаниясынын 90 пайызы президенттики болчу дегенде эле бул жакта олтуруп андай эмес экенин интернет аркылуу эле билип койдум. Бирок, колумда документ жок болчу. 2003-жылы мындай компаниянын 90 пайызын 35 млн долларга саткам деп коюу ар кимдин колунан келет. Азыр кечээ эле жөө жүрүп, азыр килейген бизнес ачып койгон коррупционерге бир нерсе десең, “15 жыл мурун айылдагы үйдү 2 млн долларга саткан элем, аны айтпай калган турбаймынбы” деп койсо эмне дей алабыз? Алмаз Шаршеновичтин айткандарына ишенүү үчүн банк котормолорун көрүш керек. Мен 35 млн доллардын салыгын төлөдүңүзбү деп айтканым жок. Мындан кыргыздын бюджетине 10 млн доллар түшмөк дегенди билдирет.

— Түркияга өзүңүздүн каражатыңызга барып келдиңизби же кимдир бирөөлөр командировкага жөнөттүбү?

— Түркияга барып келгенди Токиого барып келгендей элестетпегиле. Азыр керек болсо Австралияга барып келгенге кыргыз элинин мүмкүнчүлүгү бар. Бизге ушундай болгон деп жомок айтып коюу учуру эбак өткөн. Кыргыздын мага окшогон жигиттери бар, калп-чынын иликтеп коёт. Элибизге калп айтып коюу жигиттикке жатпайт. Мен мындайга чыдабайм. Ошондуктан Түркияга барып документтерди алганга туура келди. Ал жакка өзүм барганым туура болду. Түркияда биздин 5 миң студентибиз бар. Студенттер өздөрү дагы алышты. Түркияга барып келүү Москвага барып келгенден арзан. Дүйшөмбү күнү Стамбулдан Анкарага чейин машина менен бардым. Документ берчү мекеме менен сүйлөшкөнүмдө “Почта менен жөнөтөбүз” деген. Мен Стамбулга келип калдым, Анкарага барсам бересиңерби?-десем, “Ооба, келе бериңиз” деп айткан. Барсам дароо эле берчү документтерди бербей турушту. “Сиз менен директор сүйлөшкүсү келип жатат” дешти. Директору “Сиз ушундай документтерди сурап жатыптырсыз. Бизде чоң техникаларыбыз бузулуп жатат” деди. Ошол эле күнү төрт жарымда кайра бул жакка уча турган билетим бар болчу. Аны айтып, мага жардамчы болуңуз, атайын келдим дедим. “Жок, бизде мындай көйгөйлөр болуп жатат. Силерде 6 млн эл болсо, бул жакта 16 млн документ бар. Алардын баарын бирден карап чыгууга туура келет”деп болбойт. Качан болот?-деп сурасам, “Эртең болуп калышы мүмкүн. Бирок кепилдик бере албайм. Телефон номериңизди таштап коюңуз. Шаршемби күнү болуп калат” деди. Андай болсо бул жактагы студенттерге тапшырып, өзүм Бишкекке уча берейин деген ой жаралды. Дос балдарга чалсам “Атайын баргандан кийин куру кол келбей, документти алгыча жатакана таап жат ошол жакта” дешти. Кечээ президент маалымат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов менин барып келгеними санап жатпайбы. Мен Анкарадан 11 долларга жатакана таап, ошол жерде болдум. Сен Алмаз Үсөнов Анкарадан 11 долларга жатакана таап көрчү? Билетимди шаршемби күнкүгө узартып, ал жактагы адамдар менен пикир алышып жүрдүм.

— Шаршемби күнү келсеңиз дароо эле бере салдыбы?

— Шаршемби күнү эртең менен барсам тигил таң калат. Директору чыгып “Сиз кайра келдиңизби?” деп сурайт. Келдим, өзүңүз шаршемби күнү деп айткансыз. Кечээ келген жокмун, документтер даяр болдубу десем, “Жок, биз сизге телефон чалган жокпуз. Даяр эмес” дейт. Мен бул жакка чемодан менен келдим, түштөн кийин учушум керек, сиз неге бербейсиз? Башкаларга берип эле жатпайсыңарбы. Мен сураган документтерди деле берип койгула. Бул чоң маселе. Алмайынча кетпейм, ушул жерде олтурам. Бербесең чоңдоруңа чейин жетем. Мыйзам боюнча силер беришиңер керек деп айтып жатып, ичимден ““Elektromed” компаниясынын чоңдору келип, документтерди бербегиле деп койгонбу деп ойлоп атам. Билетимди кийинки күнгө узартып, түштөн кийин дагы бардым. Мени учуп кетти деп ойлосо керек, директору “Бул жакка чыксаңыз чай ичишели” дейт. “Сиз эмнеге кайра-кайра келип жатасыз? Бул жерди сүрөткө тартып жатыптырсыз.

Биз Анкаранын чок ортосунда жайгашканбыз. Кыргызстанда террорчулар чыгып, жакында Санкт-Петербургда жардыруу жасашыптыр” десе болобу. Чынын айтайын корктум. Сүрөткө тартпасын деген жазуу жок, тартсам эмне болуптур? Кайсыл мыйзамды буздум?- деп айтып жатканым менен ичимен бул жакта эле телефон чалып каматып салышабы деп ойлодум. “Мен сиз сураган документтерди карап көрдүм. Ал жакта олуттуу адамдардын аттары жазылып турат. Эмне үчүн ал документтерге кызыгып жатасыз?” деп сурады. Мен сизге баарын айтып берүүгө милдеттүү эмесмин, бирок түшүндүрүп берейин деп айтып бердим. Ал киши да биздин регионго абдан кызыккан, Атамбаевдин ким экенин да жакшы билген адам экен. “Орустардын учагы кулаганда бизге эмне үчүн жанагыдай сөздөрдү айткан?” деп көп сөздөрдү айтты.

— Ал жакка биз тараптан же түрктөрдөн телефон чалуу болгон эмес бекен?

— Экөөбүз сүйлөшкөндөн кийин документтерди мага бермей болду. Бербей жатканынын себебин түшүндүрүп, “Силердин Башкы прокуратурадан телефон чалуу болду, электрондук почтадан бир канча сурамжылаган каттар келди, эл аралык маалымат каражаттары кайрылып жатышты. Ошон үчүн чоочудум. Биринчи күнү эле бермекмин, бирок Түркияга, Кыргызстанда жүргөн мекендештериме зыян келтирип албаймынбы деп кооптондум. Сен түшүндүрүп айтып бердиң, ал киши антип айткан болсо туура эмес. Мен өзүм окуп чыктым. “Elektromed” компаниясына анын эч кандай тийешеси жок экен” деп айтты. Ошентип документтерди алып келдим.

— Документтер колго тийгенден кийин Атамбаевдин “Elektromed” компаниясына эч кандай тийешеси жок экенин көргөндөн кийин өзүңүздүн аракетиңизге ыраазы болуп калдыңызбы?

– 12-апрелде президенттин маалымат кызматы “Бул фирма мурун “GULGANLAR ELEKTRIK” деп аталчу, азыр болсо “Elektromed elektronik” деп аталат деп айтышты. Мен сизге бир нече документтер менен далилдеп айтып берейин. Мына, 31-январь 2003-жылкы документ. Мында Алмазбек Атамбаев “GULGANLAR ELEKTRIK” компаниясына 45 млрд түрк лирасын Ахмет Коркмаз дегенге которуп берип жатат. Муну тастыктаган жалгыз гана ушул документ. ““GULGANLAR” деген компания мурун болуп келген. 2000-жылы бул жактагы президенттик шайлоодо үчүнчү орунду алгандан кийин бир жуманын ичинде эле ошол жакка барып “Ал жакта Акаев жеңди, бул жакка көчүп кетиш керек” деген биздин Алмаз байкебизге Реджеп Гүлжан деген киши өзүнүн акциясын саткан документ бар. “Elektromed” болсо Анкарада түзүлгөн чоң компания. 2003-жылы Измирде анын филиалы түзүлгөн. Биз документтерди изилдеп чыктык, “Elektromed” менен Атамбаев саткан “GULGANLAR ELEKTRIK” компаниясынын эч кандай тийешеси жок. Мен бирөөнүн чөнтөгүндөгү акчаны санаган жокмун. 12-апрелде президенттин маалымат кызматы тараткан маалымат карандай калп экенин айтып чыгып жатам. “GULGANLAR ELEKTRIK” деген компания “Elektromed” болуп аталып калган эмес. “Elektromed” деген чоң компанияга Ахмет Кая жана Али Фатих Шахин дегендер ээлик кылган. Каялардын үй-бүлөсү белгилүү үй-бүлө. Ахмет Каянын атасы Мехмет Кая инженер болуп, 1957-жылдан бери эле заводду баштаптыр. “Elektromed” компаниясын Түркияда баары жакшы билишет. Ал жакка барып «“Elektromed” компаниясынын 90 пайызына Атамбаев ээлик кылган деп айтсаңыз, “Дордойдо” эки контейнер иштетип жаткан түрк ишкери “Дордойдун” баары меники болчу» деп айтканга тете.

— Сиз маалымат жыйын өткөргөндөн кийин президент маалымат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Gulcanlar Elektrik Elektronik Ve Mobilya Sanayi Ticaret Ltd Sti” ишканасы 2002-жылы А. Атамбаев тарабынан сатылгандан кийин “ELEKTROMED” холдингинин менчиги болгон жана ага ылайык аты өзгөртүлгөн” деп билдирүү жазды. “ELEKTROMED” 2002-жылы “Gulcanlar” компаниясын Атамбаевден сатып алганбы?

— “Gulcanlar” компаниясы Коркмаз деген кишиге берилген. Алар 2007-жылы ал компанияны жабышты. “ELEKTROMED” ал компанияны сатып албаптыр. “ELEKTROMED” компаниясынын 90 пайызы меники болчу деп бирөө айткан болсо, мен чыгып алып “Дордойдун” 90 пайызы меники деп айтканга барабар. Кандайча?- десе, ошол кезде соода кылгам дейм. Кана документи?-десе, документин көрсөтпөйм. Мен буга документтер менен жооп бердим. “Gulcanlar” деген 2000-жылдан 2007-жылга чейин барса, “ELEKTROMED” өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынан бери азыркы күнгө чейин жашап жатат.

— Биздин Ак үй расмий түрдө “ELEKTROMED” компаниясынын 90 пайызы Алмазбек Шаршеновичке таандык болгон деп жарыялагандан кийин түрктөрдө кандай пикир жаралып жатыптыр? Бул жөнүндө маалымат бар бекен?

— Маалымат бар экен. Бул сөз Ахмет Каяга чейин жеткен болсо керек. Ортодо ар кандай сөздөр болду. Аны коомчулукка жарыялабай эле коёюн. Бирок, менин билишимче “ELEKTROMED” компаниясына “Азаттык” күнүгө 5–6 жолудан телефон чалып, комментарий беришин суранып жатат. Алар комментарий берип койсо мындан да кызык абал жаралат. Алмазбек Атамбаев 2007-жылы март айында премьер-министр болсо, Каяны апрель айында кеңешчи кылып дайындаптыр. 2011-жылы да аны өзүнүн кеңешчиси кылып бекиткен экен. Ал киши андай болгон эмес деп айта турган болсо досун сатып койгону турат. Ошондуктан унчукпай турганы ошондон улам болуп жатса керек деп ойлойм. Ал үн катпай деле койсо болот. Баарын документтер далилдеп берет. Атасынан калган, атасы негиздеген компаниянын 9 пайызы эмес, 90 пайызы меники деген кишиге эмне деп айтаарын мен билбейм.

— Мен сизге Алмаз Үсөновдун билдирүүсүн окуп берейин. Анда «Arkan & Ergin Grant Thornton» компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоо жана аудитке ылайык, 2002-жылы 31-декабрга карата бардык активдердин реалдуу баасы 33,7 млн долларды түзгөнүн эскерте кетким келет. Жыйынтыгында А. Ш. Атамбаев тарабынан сатылгандан кийин ишкананын базар баасындагы тиешелүү кирешеси алынган, башкача айтканда ал 35 млн АКШ долларына жакын каражатты түзөт. Ошондуктан Байсалов мырза өзүн дагы, башкаларды дагы туңгуюкка кептөөдө” деп айтылат…

— Алмаз алтыным, ал 35 млн доллар эмес, 35 млрд доллар болсун, ошол ишкана сен айтып жаткан кишиге таандык экенин далилде. Мен документтер менен далилдеп жатам. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарындагы документтерге чейин изилдеп келдим. “ELEKTROMED” деген компанияга Атамбаевдин эч кандай тийешеси жок. Документтерди көрсөтүп айтып жаткан мен апыртып жатамбы же элге документин көрсөтпөгөн Үсөнов апыртып жатабы? Үсөнов айтып жаткан компанияны жанына барып көрүп келдим. Анын Атамбаевге тийешеси жок. Азыр Индияда “ELEKTROMED” компаниясынын филиалы курулуп бүттү. Индияга барып “Мерседес” машинасын эстеген киши “Силерде мен түптөгөн ишкананын заводу ачылып жатат” деп айтмак да. 2006-жылы Курманбек Бакиев менен алышып жаткан кезде эле “Эй Курманбек, сен губернатор болуп турган кезиңде, мен доллар менен миллионер болчумун. Түркияда мындай заводду түптөгөм” демек. Андан кийин 2009-жылы президенттик шайлоо болду. Анда дагы “Мен Түркияда чоң завод кургам. Дүйнөдөгү ири 4 заводдун бири меники болчу. Мени шайласаңар завод-фабриканы ушул жерге ачам” демек.

— Үсөновдун сизге берген суроосун берейин. Ал “Сиз 2010-жылы апрелден кийин өзүңүздүн байлыгыңызды өтө эле көбөйтүүгө жетишкениңиз чынбы? Сиздин карамагыңызда Ысык-Көл облусундагы батириңиз, андан тышкары иниңизге катталган борбордогу 2 чоң үй, батириңиздин күтүлбөгөн жерден пайда болгонун кандайча түшүндүрөсүз?” деп суроо салыптыр. Мынча байлыкка качан жетишип жатасыз?

— Кыргызда уяттуу бирок таамай айтылган жакшы сөз бар. “Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат” деп ушуну айтат. Эй Алмаз Үсөнов, мен Бакиевдин тушунда премьер-министр, министр же мамлекеттик кызматта олтурдумбу? Сен мени канча жолу боктодуң? Менин кандай байлыгым болгон күндө дагы мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып чогултуптурмунбу? Менин кайсыл байлыгымды санап жатасың? Ысык-Көлдөгү квартирамды тапсам сен ал Үсөнов! Коттедждерди тапсаң сага берем. Иштебейсиң деп айтыптырсың. Мага Атамбаев экөөңөр иш бердиңерби? Максим Бакиевден өзүңөр жумуш алдыңар го. Силер кыйратып иштеп жатасыңар, биз аркаңардан эле жүрөбүз. Алтыным Алмаз Үсөнов, мен 2010-жылы Швециядан көчүп келдим. Аны унутуп калган жоксуңбу? Сен Бакиевдерге кызмат кылып жүргөндө мен Швецияда жүрдүм. Байлыгыңды кайсыл эмгегиң менен топтодуң деген суроону Ак үйдө таасирлүү адамдарга айланган, кечээ шоопур, завхоз болгон адамдарга неге бербейсиң? Сени менен сүйлөшкөн журналисттер мага деле айтып жатышат. Сен “Лексус 470” деген машина айдап жүрөт экенсиң. Жакында квартиралуу болуптурсуң. Кайсыл акчаңа бул байлыктарды алып жатасың? Сен мага суроо узаткан экенсиң, өзүңдүн сөзүң менен жооп берейин. “ELEKTROMED” компаниясынын 90 пайызы Алмазбек Атамбаевдики болсо, 10 пайызы Эдил Байсаловдуку. Алмазбек Шаршенович 35 млн доллар алган болсо, мен 3,5 млн доллар алгам. Алмазбек байкем экөөбүз айтпай жүргөн сырыбыз ошол.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: