Жыйырма беш жылдан бери улам бир «томаяк» бийликке келип тоюнганча, карапайым калк каңгып, кара курсактын айынан тентип кетип атканы жашыруун эмес. «Кедейкандар» тууган-туушканы менен «бутуна туруп», «кабыргасы майланганча» жумурай журт жакырчылыктын сазынан чыкпай келет. Ошондуктан, өлкө башына ток кишинин эле келгени дурус болчудай. Изилдөөчүлөргө ишенсек, колунда бар адам казынага кол салбай, кайра өз элин, өлкөсүн бардар турмушка жеткирүүнүн камын көрөт экен. Учурда «өлкө башкарам» дегендердин арасынан Өмүрбек Бабановдун байлыгы башынан ашарын баарыбыз билебиз. Жалпы журт да «эми бизди бай бирөө келип башкарбаса, кара тамандары казына тоноп, каратаман калктын шорун катыргандан башкага жарабайт экен» деп туру. Ушул өңүттөн алганда да, Өмүрбек мырзанын өкчөгөн сакасы быйыл айкүр турганы калды окшойт.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ