Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин активдүү колдоосу менен «Кей Эм Джей» (Кыргыз Республикасы) жана «YOSHG’AYRAT AGRO» (Өзбекстан Республикасы) компанияларынын ортосунда кол коюлган 1,2 млн. АКШ доллар суммасындагы Өзбекстан Республикасына ири жана майда мүйүздүү малдарды (уйлар, койлор) экспорттоо контрактысына ылайык 6-декабрда “Достук-автожол” көзөмөлдөө-өтүү өтмөгү аркылуу майда мүйүздүү малдын (тубар кой) Өзбекстан Республикасына экспорттоо башталды.
Андан сырткары, 1 млн. АКШ доллар суммасындагы контрактын негизинде Өзбекстан Республикасына картошканы экспорттоо башталып, жакынкы аралыкта алманы экспорттоо күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ