«Көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайын куруу – бул фантастика эмес, мезгилдин талабы. Биз өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ордуна пилоттук унаа токтотуучу жай курууну сунуштайбыз», – деп билдирди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Торобаев.
Депутаттын айтымында, көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай темир бетон каркастардан арзан, бирок эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү жагынан кем калбаган атайын темир жабдыктардан куралышы керек.
500 унаага ылайыкталган парковканын бюджети 1 500 000 АКШ долларына бааланат, бул асфальтталган жолдун бир чакырымына тете баа. Бул сыяктуу долбоорлор Россиянын шаарларында активдүү киргизилүүдө: Новосибирск, Екатеринбург, Ижевск, Казан жана Новгороддо.
Бакыт Төрөбаев Шаарды өнүктүрүү агенттигинин (АРГ) өрттөнүп кеткен Башпрокуратуранын имаратынын ордуна бизнес-борбор куруу ниетин сындады. Депутат мындай чечим шаардын көйгөйлөрүн чечүүнүн ордуна учурдагы абалды андан ары татаалдантат, деп белгиледи.
«Бул мэрия жана АРГ шаардыктардын талаптарын таптакыр түшүнбөгөнүнөн кабар берет. Дагы бир кеңселүү имарат куруу менен булар Бишкектин чок ортосунда транспорттук коллапска жол беришет».
Депутат кошумчалагандай, бул жерде «Илбирс» ишканасы, университет жана кафе-ресторандар көп санда жайгашкан. Ошондуктан муниципалитет бийлигинин иш-аракети жол тыгындарын азайтууга багытталышы керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ