Menu

Түртүлгөн обьектилер жана ишсиз калган арендаторлор

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманакун уулу 2017-жылдын башынан бери 910 мыйзамсыз орнотулган объектилер алынгандыгын билдирди. Анын ичинен 117 жеңилдетилген типтеги объектилер, 14 капиталдык курулуш, 779 жарнама конструкциялары. Шаарыбыздын көчөлөрүндө пландалган мэрия түрттүрүп сала турган объектилердин саны дале көп. Алар го шаар тартиби, тазалыгы үчүн күрөшүп жаткан кербездери. Бирок, эптеп оокат кылып жаткан киреше булактарынан айрылган карапайым калкка кандай жардамдары болоор экен? Чүй-Манас, Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жертөлөлөргө да ремонт иштери башталаар алдында турат. Ар бир жертөлөнү ремонттоо иштери үчүн 35 млн. сом өкмөттөн бөлүнгөн. Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жертөлөдө 85 арендатор өз иш орундарын жоготкону турат. Алар «аренда акысын мындан да жогору өлчөмдө төлөөгө даяр элек. Эми жаңыча жасалгаланган жертөлөлөрдү ошол бойдон сактоо кыйын. Күзөтчүнүн көзөмөлү керек. Ансыз да шаарда оңдоп-түзөй турган жерлер, жолдор канча? Бизди жөн эле талаада калтырышууда» деп чырылдашууда.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: