Menu

Президент калпычыбы же жактоочусубу?

Бөлүшүү:

6-мартта Президент Алмазбек Атамбаев маданияттын өкүлдөрүн чогултуп сыйлык берип, адатынча “балп” этип далай кептин башын чаргытпады беле. Ток этээри атын атабаса дагы ачуусунун көбүн “Ата Мекенге” багыштаган. Аны баарыбыз эле билгенбиз. Ошол күндөгү президенттин сөзү соттук териштирүүнүн бутагына айланып, акыры жактоосу Президентти калпычы кылып тынды. Кеп ушул туурасында.

Эки күн мурун Биринчи-май райондук сотунда “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынын, Өмүрбек Текебаевдин жоопкер Алмаз Атамбаевге карата ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндөгү доо-арызы каралып, судья Президенттин сөзүн лингвистикалык комиссияга жонотуу тууралуу аныктама чыгарды. “Ата Мекен” партиясынын жактоочулары ошол айтылуу 6-марттагы Президенттин айткандары “Ата Мекен” партиясынын жана анын лидеринин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин кемсинтет деп эсептеп, төмөндөгү маалыматтарды төгүндөөнү соттон өтүнгөн. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн жактоочулар белгилеген он учурду толугу менен берели.

1)         Тышкы күчтөргө Кыргызстан бутка туруп, тизеге чөгөлөбөй, көз каранды болгону жакпаса, айрым биздин саясатчыларга тынч, туруктуу өлкөдө алар көздөгөн кара максаттарына, бийликке саясатчылар өлкөбүз үчүн өзгөчө коркунучтуу болот, элдин биримдигин, ынтымагын бузганга бүт аракетин жумшайт.

2)         Апрель революциясынан кийин айрым саясатчылар бийликке жетип алып, элдин мүлкүн талап-тоноону, мародерлукту башкарып, кийин кылмыш иштерин жашырганы белгилүү. “Туура бийде тууган жок” деген улуу сөздү унутуп, колго тийген бийликти эл үчүн эмес, жеке өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына пайдаланышканын да билебиз. Алар 7-апрелден кийин тез арада эле чириген бай, миллионер болуп калганы маалым.

3)         Ошол паракор, уурулардын кесири тийип, өлкөбүз тынчыбай жатат. Өзгөчө алардын кыңыр иштери ачылып, жарыкка чыга баштагандан тартып…

4)         Мисалы, 2-3 айдан бери Жогорку-Кеңеште кайра-кайра депутаттык комиссия түзүлүп, ызы-чуу токтобойт. Ураган Боингде “Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон”, “Атамбаевдин Кипрде акчасы бар”, “Атамбаевдин аялынын эсебиндеги акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон” деген ушактар парламенттин трибунасынан айтылып, Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат…

5)         Анда керек болсо, билетин мен сатып берейин, ызы-чуу салбай, ушак таратпай барып келип, элге чындыкты тезирээк айтпайбы?

6)         Өздөрү деле мунун бардыгы жалган, калп экенин билишет, Бирок, Президентти жаманатты кылып, элди дүрбөткүсу келип жатпайбы?

7)         Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, “тарап эле кетпейлиби” деген сунушун айтты. Ал го мародер акесине болушуп, күйүп айтты, бирок, мен анын сунушун колдойт элем.

8)         Эми ошол 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында ок менен атылган, өлтүрүлгөн жигиттерибиз өздөрүнүн ден соолугун, өмүрүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрү миллионер болсун деп бериштиби? Мародерлор элдин атын жамынып, бийликке келип, элди тоноп, миллионер болсун деп өлдүбү?

9)         “Атамбаев Ата-Мекенден колуңду тарт” деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата-Мекенибиз Кыргызстан. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партия үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата-Мекенибиз үчүн берди! Кыргыздын ыйык сөздөрүн дагы уурдап, менчиктештиргиңер бар! Эл ичинде партияларга эчак эле башка ат коюшкан. Башчыңарга жараша!

10)       Эй, туугандар! Булардын кылыгын видеого тартсаң да “бул мен эмесмин, кур да меники эмес” – деп айтат. Колунан кармасаң дагы “бул кол меники эмес” – деп айтат.  Булар күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурайт деп ойлобогула! Буларда уят деген, бет деген жок!

Президент “Ата Мекен” партиясына асылганы ачыктан-ачык эле көрүнүп турат. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык жарандар өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык тараптар өздөрүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылганга укуктуу. Албетте, “Ата Мекен” партиясы мыйзам чегиндеги талап менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.

Таза кызык тамаша так ошол сотто болду. Тагыраагы, жоопкер Алмазбек Атамбаевдин мыйзамдуу өкүлү Айжан Кадыровага эптеп эле президентти сот жоопкерчилигинен кутултуу тапшырмасы берилгенби же бечара жактоочуга Президенттин кадыр-баркы, калп сүйлөп салса калк алдында абийири төгүлө турганы анчалык мааниси жокпу айтор, Президенттин болгон сөзүн жокко чыгарып туруп, “Ата Мекенди” актап салса болобу?

Президенттин жактоочусу доогер тарапка каршы пикирин төмөндөгүчө билдирген. Анын оюу боюнча:

“Жогорудагы маалыматтар доогерлерге жайылтылбайт, анткени “тышкы күч”, “кара максаттарды көздөгөн, элдин биримдигин, ынтымагын бузганга бүт аракетин жумшаган саясатчылар катары” Президент тарабынан доогерлер “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясы же Ө. Текебаевдин аттары аталып көрсөтүлгөн эмес. Демек жогорудагы маалымат доогер Ө. Текебаевдин абийирине, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалымат болуп каралбайт жана таанылбайт. Анткени, ал кара максаттарды көздөгөн, элдин биримдигин, ынтымагын бузганга аракет жасаган саясатчыларга тийиштүү, жеке доогерлерге тиешеси жок” экен. А түгүл, “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынын ар намысына, кадыр-баркына шек келтирбейт экен. Доогер тарапка каршы пикирин билдирген жактоочу А Кадырова 2015-жылдын 13-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун “Ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо жөнүндө талаштарды чечүү боюнча соттук практика жөнүндө” №4-пленумунун токтомуна ылайык кароонун предмети боюнча маалыматты талдоодо, таралган маалыматтын мазмуну доонун предметин түзгөн сөз айкашы контекстен бөлүнбөгөнү сот тарабынан изилдениши керектигин эскерткен. Демек, Президенттин 6-марттагы сөзү толугу менен соттук териштирүүнүн бутасына алынышы керек.

Кыскасы, Биринчи Май райондук соту аталган ишти карап, Президенттин айткандарын лингвистикалык комиссия иликтеп чыгышы керектиги тууралуу аныктама чыгарып бергенге аргасыз болду. Президенттин “сасык партия”, “мародер” деген жогорудагы кептери анда кимге тийиштүү деген талкуу коомчулукта жүрүп, партиялар бири-бирин шектүү карап турган учуру. Жактоочу “актап чыгам” деп Президентти калпычы кылып алганын билди, бирок, арга жок.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: