Menu

Алмаз Атамбаев: “Мураскериң ким болот?” деп Меркель да сурайт, Путин да сурайт, баары сурайт”

Бөлүшүү:

“Сөзүмдүн аягында баарыңарды кызыктырган бир суроого жооп берип кетейин деп жатам. Анткени Кыргызстанда боломбу, чет элде боломбу, – кайда барбасам: “Мураскериң ким болот?” деп сурайт да. Жөнөкөй мекендештерим да сурайт, Меркель да сурайт, Путин да сурайт:”Мураскериң ким болот?” дешип”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 3-апрелде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин V жыйынында сүйлөп жатып.

“Айрым саясатчылар, журналисттер макала да жазып жиберишти: “Атамбаев мураскер таппай кыйналып жатат. Анткени, мураскер аны коргоп, сактап калышы керек” депчи. Мени коргоп сактап калыш керек экен да. Бузукунун ою да бузук. Башка бирөөнү да өзүндөй бузуку көрөт. Ачык айтайын: мен Кудайдан гана корком. Мен элимдин алдында акмын, Кудай көрүп турат. Мага мени коргой турган, мени сактай турган мураскер кереги жок! Кыргыз элин коргогон, кыргыз тилин коргогон, кыргыздын рухун, кыргыздын тарыхын, кыргыздын маданиятын коргогон, эгемендүү Кыргызстанды коргогон ар бир кыргыз жараны – менин мураскерим! Эмки президентти болсо эл өзү шайлайт. Ал мага мураскер болобу, же Акаев, Бакиевге мураскер болобу мен аны билбейм. Аны мезгил гана көрсөтөт. Анткени шайлоо деген шайлоо. “Чуркаган албайт, буюрган алат” деп айтат кыргыздар. “Жыландын аласы тышында, адамдын аласы ичинде” деген да сөз бар. Анан кайран кыргыз элимди да билем, ишенип, алданып да, ээрчип кетмейи бар. Алданып шайланып кетиши да мүмкүн. Мезгил өзү гана бардыгын көрсөтөт. Ачык айтайын, мен аны билбейм. Менин максатым туура шайлоо өткөрүп бериш. Бирок ким Президент болсо да, кыргыз көчүн азыркы туура жолунан бура албайт деп ишенем. А болбосо эл аны бат эле өз ордуна коюп коёт. Анткени, бизде бийликтин булагы – эл! Бирок, кийинки президент туура жол менен баратканын, же башка жолго буруп кеткенин эл кантип билет? Ушул бүгүн биз түзүп баштаган “жол картасынан” билет. Эгер кийинки президент ушул “жол картасы” менен кетсе анда туура жол менен кетет. Ошондуктан, бул иш өтө маанилүү, өтө зор. Туура жолду көрсөтүп, “жол картасын” түзүп коюшубуз керек өлкөбүз үчүн, элибиз үчүн. Бүгүн ушул жерде Президент болом деген бир топ жигиттерибиз отурат. Кээ бирөөсү ачык айтты, кээ бирөөсү айта элек.  Мен ачык айтайын, баарыңарга ийгилик каалайм! Баарыңарды Кудай колдосун! Мен таза шайлоо уюштуруп берем, эл башчысы катары. Бирок, унутпагыла: бийликтин булагы – эл! Президент болуп калсаңар, Атамбаевди эмес, кыргыз жерин, кыргыз элин коргогула! Уурулардан, мародерлордон, эл бузарлардан коргогула!”, – деди Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: