Menu

Сурамжылоо: “КСДП фракциясынан четтетилген Жанар Акаевдин пара алганы чынбы же жөн эле жаманатты кылып жатышабы?”

Бөлүшүү:

КСДП фракциясынан четтетилген Жанар Акаевдин пара алганга катыштыгы бар деген маселенин учу чыга баштады. Жанар Акаев экс-депутат Ыргал Кадыралиевадан пара алганбы же жөн эле жаманатты кылып жатышабы?

Камила Талиева, экс-вице премьер министр:
“АР КИМГЕ КИНЕ КОЮУ АЛ ЖИГИТКЕ АБИЙИР АЛЫП КЕЛБЕЙТ”
-Ишенүү мүмкүн эмес. Биринчиден, бул заказ болушу мүмкүн. Эгер Жанар Акаевдин пара алганы чын болсо, Канжар Кыдыралиев бир канча жылдан кийин жалаа жаппай, ошол замат айтса болмок. Экинчиден, бийликке жагынуу менен мыйзам астында күнөөсү болсо жооп берүүдөн качып, кандайдыр бир деңгээлде пендечилик кылып, жеңилдик издеп жаткандай сезилет. Жанталаша ар кимге кине коюу ал жигитке абийир да алып келбейт. Кыскасы Жанар мен билгенден өтө тарбиялуу,  маданияттуу, билимдүү жигит. Эгер пара алса, арты эмне менен бүтөөрүн анык билет.

Карамат Токтобаева, журналист:
“ЖАНАРДЫ КАРАЛАБАЙ ЭЛЕ, АКТАНУУНУН БАШКА ЖОЛУН ИЗДЕШСЕ БОЛМОК”
-Мен Жанар Акаевдин пара алганына ишенбейм. Аны пара алды деп каралап жатышат окшойт. Башкача айтканда, Жанар сатылма журналисттерге кирбейт деп ойлойм. Сатылма журналисттер тар чөйрөдө деле айтылып калат. Кыскасы Кадыралиевдер Жанарды каралабай эле, актануунун башка жолун издешсе болмок.

Илич Кулназаров, журналист:
“БУКТУРМАДА ЖАТКАН КАДЫРАЛИЕВДЕР УЧУРДАН ПАЙДАЛАНЫП ӨЧ АЛГЫСЫ КЕЛГЕН”

-Андай болушу да мүмкүн эмес, Жанар Акаев “Азаттыкта” иштеп турганда Кадыралиевдердин, тагыраагы Канжар Кадыралиев Ошто прокурордун орун басары беле, эсимде жок, бир материал жасаганы белгилүү. Албетте, ал материал аларга жаккан эмес. Анткени үй-бүлөлүк “саунасы” кимге тиешелүү болгонун жана башка былык иштерин ачыкка чыгарган. Ал учурда Ыргал Кадыралиева депутат болчу. Ал бир жагынан депутаттык кнопканы басып, кыскасы туш тараптан Жанарга басымдар болгон. Бирок ал материал анда бийликке абдан жаккан. Менимче КТРден да кеткен болуш керек эле. Менимче буктурмада жаткан Кадыралиевдер учурдан пайдаланып өч алгысы келген эле метод го дейм.

Айбек Бусурманкулов, активист:
“БИЙЛИК КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОП КОЮШУМ МҮМКҮН ДЕГЕН КОҢУРОО КАГЫП ЖАТАТ”
-Жанарды пара алган деген маалыматтын чыгышы бийликтин саясий куугунтуктоосу деп түшүнөм. Анткени Жанар мандатын да бербей койду. Ошон үчүн бийлик кылмыш ишин козгоп коюшум мүмкүн деген коңгуроо кагып, өзүмдү-өзүм билем. Өтүгүмдү төргө илем деген саясатын жүргүзүп жатат.

Дилбар Алимова, “ПолитКлиника ” гезитинин редактору:
“ЖАНАР ЧЫНДЫК, АДИЛЕТТИК ДЕГЕН БАЛДАРДЫН БИРИ”

-Мен билгенден Жанар Акаев Канжар Кадыралиев боюнча мамлекеттик кызматка бара электе, “Азаттык” радиосунда иштеп жүргөндө эле иликтөө жасаган. Ал иликтөөдө Кадыралиевден запкы көргөн адамдар ачык эле айтып беришкен болчу. Ошондуктан аны ушул иш боюнча пара алды дегенге негиз жок. Мен ишенбейм ага. Анткени Жанар жаштардын арасынан өзүнүн демилгелери менен суурулуп чыккан, жүрөгүндө оту бар, чындык, адилеттик деген балдардын бири.

Кадыр Кошалиев, “Таза коом” элдик партиясынын тең төрагасы:
“БУЛ ЖЕРДЕ КЫЛМЫШ ЭМЕС, САЯСАТ ЖЫТТАНЫП ТУРГАНДАЙ”
-Маалымат жок туруп бирдеке деш кыйын го. Бирок бул жерде кылмыш эмес, саясат жыттанып тургандай.

Али Токтакунов, “Азаттыктын” журналисти:                                                                                                             “ЖАНАР АКАЕВДИН БИРӨӨНҮН ЖЫРЫК ТЫЙЫНЫН АЛГАНЫНА, АНДАЙ МУКТАЖДЫГЫ, НИЕТИ БАР ЭКЕНИНЕ ИШЕНБЕЙМ”

-Жанар Акаев менен он жылга жакын үзөңгүлөш жүрүп, анын кимдир бирөөдөн пара өндүрүп иейин, акча “сындыра” калайын дегенин уккан да, көргөн да эмесмин. Журналисттик ишмердигинде такай караламан элдин, зордон кордук көргөндөрдүн таламын талашып келбедиби? Кайсы бир саясатчынын этегине эрмешип, аны мактап-жактап шыбага өндүргөндөрдөн эмес экенин мен эле эмес, калың журт билет. Депутат кезиндеги ишмердигин да, акыркы күндөгү кадамдарын эл көрүп жатат. Жеке мен жаран катары, аны жакын тааныган адам катары Жанар Акаевдин бирөөнүн жырык тыйынын алганына, андай муктаждыгы, ниети бар экенине ишенбейм. Анын өзүнө жетээрлик оокаты бар. Ошого шүгүр кылган жигит. Канжар Кадыралиев мындай айыпты эмнеге үч жылдан бери жашырып жүрдү? Далили болсо эмнеге мынакей деп көрсөтпөйт? Ал киши соттолуучу киши, анын ишин президент көзөмөлгө алып, ага Интерпол издөө салган. Айлап сотко келбей качып жүргөн. Бул жерде күмөндүү суроолор көп. Эгер чындап айыбын далилдесе Акаев жооп бериши керек, далилдей албаса Кадыралиев жооп бериши керек. Мыйзамдык өлкөбүз, баары мыйзамдын чегинде болсун.

Максат Казакпаев, активист:                                                                                                                                             “ЖАНАР ПАРА АЛГАН БОЛСО, ОШОНДО ЭЛЕ БИЛИНМЕК”

-Жеке оюм, Жанар пара алган эмес. Алган болсо ошондо эле билинмек. Түштөн кийин аны айыптайм деген бийлик аман эле болсун.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: