Кyrgyztoday сайтына, 31-март күнү Фабула гезитине шилтеме жасалып “Айыл чарба министрлигинде дагы чатак чыкты” деген кабар жарыяланган эле. Анда: “Японияда эл аралык донорлордун колдоосунда өтүүчү ветеринарлар бара турган долбоорго айыл чарба долбоорлорун ишке ашырган бөлүм жетекчиси Майрамбек Таиров да ветеринарлар менен кошо барып, семинар убагында эки күн “жинди суу менен дос болуп” Кыргызстандыктарды уят кылганы аз келгенсип, жосунсуз жоруктарды көргөзгөн” деген маалымат жазылган.
Бул маалымат туурасында Маматкулов Кубатбек “Ветеринардык палата” мекемесинин жетекчиси, биздин сайтка кайрылуу жасап, кайрылуунун себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү:
“Сайтта аталган кабар жарыяланаары менен биз Фабула гезитинин жетекчилиги менен байланышып, гезитте жарык көргөн макаланын чындыкка коошпой тургандыгын айтып, тийиштүү документтер менен ырастадык. Мындан улам Фабула гезитинин кийинки санында, мурда жарыяланган макала чындыкка дал келбестигин ырастаган макала жарык көрдү”.
Бул кайрылууга таянып Кyrgyztoday сайты, “Фабула” гезитиндеги макала негиз болгондуктан 31-март күнү жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ