Menu

Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуу багытындагы жаңы методикалар жана тажрыйбалар боюнча ойлор ортого салынды  

Бөлүшүү:

 

Кечээ, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде “Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуу теориясы жана практикасы” аталышында ЖОЖдор арасында №2 отурум өткөрүлдү. Отурум КР Билим берүү жана илим министринин өкүлдөрү, ЖОЖдордун проректорлору, декан, кафедра башчылары, интеллигенция өкүлдөрү жана ЖМКлардын катышуусу менен өттү. Бул тууралуу тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев отурумдун ачып жатып биз жашап жаткан коомдо билим берүү тармагы дагы бир жолу чоң өзгөрүүгө дуушар болгонун, тактап айтканда жаңы маалыматтык технологиялардын келиши менен окутуунун жаңы мейкиндиктери пайда болгонун, ошол мейкиндикте мамлекеттик тилди окутуунун ордун бекемдөө зарылдыгын билдирди. Ошондой эле, отурумдун ачылышында С.Калдыбаев жана Чыгыш университетинин ректору А.Ибраев сөз сүйлөп, өтүлүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп өтүштү.

Андан соң “ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуудагы маселелер” темасында филология илимдеринин доктору, профессор З.Дербишева баяндама жасап омоктуу ойлорун ортого салса, филология илимдеринин доктору, профессор К.Биялиев “Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык окутуу теориясы” аталышындагы баяндамасында тил үйрөнүүчүлөрдү тили жаңы чыгып жаткан бала менен катар кароо керек экендигин, орточо эсеп менен алганда наристе өз эне тилин үйрөнүү үчүн 21900 саат керектелерин билдирди. “Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди Кыргызтесттин талаптары аркылуу окутуунун ыкмалары” темасында баяндамасы менен Кыргызтест башкармалыгынын жетекчиси Б.Ставинская-Топоева эл алдында болуп, Кыргызтест түзүмү боюнча кенен маалымат берди.

Ошондой эле, “Улутсофт” компаниясынын жетекчиси М.Окенов Мамлекеттик тилди жаңы маалымат технологиялары тармагында  жайылтуу иштери боюнча маалымат берди. Маалыматтын орчундуу учурларына токтолсок, аталган компания тарабынан Гугл которуу кызматына кыргыз тилинде 400 000 фраза, Уикипедияга 12 000 макала киргизилип, кыргыз тилин жеңил үйрөнүү боюнча мобилдик тиркемелер иштелип чыккан. Бул иштер Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси жана колдоосунун аркасында, ЖОЖдордун жардамы менен ишке ашырылган. Учурда Microsoft Windows (7-версиясынан баштап), Microsoft Office (2010-жылдагы версиясынан баштап), Google, Youtube, Android сыяктуу маалымат технологиялары кыргызча кызмат кылууга жетишип, эң көп пайдаланылган Facebook социалдык тармагы кыргыз тилине которулуп жатат.

Отурумдун экинчи бөлүгүндө “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын” ЖОЖдордо аткарылышы боюнча Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор С.Тиллебаевдин, К.Карасаев атындагы БГУнун мамлекеттик тил боюнча проректору профессор С.Искендерованын, И.Раззаков атындагы КТУнун мам тил проректору Б.Төрөбековдун, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун мам тил проректору А.Маданбековдун маалыматы угулду.

Отурумдун соңунда ЖОЖдордо Мамлекеттик тилди окутуу боюнча окуу-методикалык комплекстердин бирдиктүү электрондук базасын түзүү, филологиялык эмес багыттагы адистиктер боюнча мамлекеттик тилде лекция окуган лекторлорго жана практикалык сабак өткөн окутуучуларга айлык маянасына кошумча каржылык кызыктыруунун жана сыйлоонун башка түрлөрүн колдонууну киргизүү, ЖОЖдордун проректорлор Ассоцияциясын түзүү аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу ж.б. сунуштар айтылды.

Ошондой эле, жакынкы аралыкта жаңы маалымат технологиялары аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүү мерчемделүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: