Өзүн коомдук ишмер катары сыпаттап, ар кандай коомдук иштерге чөп башылап аралашымыш болуп келе жаткан Рустам Маманов президент Алмазбек Атамбаевге азуу көрсөтүмүш болуп, тийиштик кылды. Ал өзү “Үркүн” тууралуу маек берип, “бийлик Россиядан жалтактап, ”Үркүнгө” татыктуу саясий баа бере албай коркоктук кылып келет” деген жыландын башын чыгарды. Муну менен ал кыйыр түрдө болсо да, Атамбаев алсыздык кылып, “Үркүндү” татыктуу белгилетүүгө кудурети жеткен жок дегенди айткысы келди. Бирок минтип оозун чоюп жаткан Рустам Маманов Россиянын президенти Владимир Путин 2016-жылы “Ата Бейитке” “Үркүнгө” арналып тургузулган эстеликке гүл коюп эскергенин, ушунун өзү мындан жүз жыл мурун болгон кырсыкты моюндаганын билдирээрин айткысы келген жок. Минтип президентке тийиштик кылган эргул эмнени каалап жатат?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ