Menu

Фабула пресс: “Саясий анекдоттор”

Бөлүшүү:

Академик Жакин Акматалиев Ош базарынан Ленин районунун акими Нурдин Тынаевге жолугуп калып,

-Нурдин балам, бу «Дыйкан» деген сөзгө эмнеге асылып калдыңар?

-Жакин агай, бул деген борбор, бөлөк жактан көптөгөн коноктор келишет, анан алар сурап калышат «Дыйкан» деген эмнени түшүндүрөт, дешип. Түшүндүрө албай убара болобуз. Жөн койсок дагы бирөө чыгат, «уйчулар» базары, «койчулар» базары, «төөчүлөр» базары дешип. Шаар четине чыгарып таштасак, эмне болушса ошо болушсун, жан тынч болот эле – десе, Жакин агай башын чайкап:

-Эй, Нурдин балам, ошол дыйкандар президентти, өкмөттү, депутаттарыңды, сени, мени багып жатышпайбы, жолуңар болсун – деп, капа болуп басып кетиптир.

***

Жогорку Кеңешчилер чаламандын чак түшүндө чакчалекей түшүп, шашып-ушуп сыртка чыга калышып, аял-эркеги дебей караган чердин арасына ушата башташат. Аларды көргөн Кубанычбек Жумалиев дал болуп:

-Ой, эмне болуп кетти кокуй? – десе,

Камчыбек Жолдошбаев далбактап токтой калып:

– Депутат Нургазы Нышанов мандатын тапшырса, ордуна Зарылбек Рысалиев келет экен – десе, Кубанычбек турган жеринен ушатып жибериптир.

***

 

Опера жана балет театрьшын директору Омонов Кыр. драмдын директору Темирлан Осмоновго жолугуп:

-Темике, айтышка келген депутатгарга эшик ачпаганың үчүн эле арыз жаздырып жатышабы?

-Ой, өзүм деле түшүнбөй калдым, ак көңүл жаным, айтып өткөргөнгө эмнеге уруксат бердим эле билбейм. Мына, Кыргызбай Осмонов атактуу куудул «Асанкулдун 90 жылдыгын» өткөрдү эле, бир дагы депутат, бир дагы чиновник барбаптыр, жыргап иштеп жүрөт. Депутат болушса өздөрүнө депутат. Мен өзүмө-өзүм тамадамын, -деп басып кетиптир.

***

Мар Байжиев Кыргыз циркинин директору Курмангазы Исанаевден:

– Курмангазы, иштебей эле текшерүүдөн башыңар чыкпай калды го, деги аягына чыктыңарбы?

-Мар ава, баспай калдым, бир жылда 74 жолу текшеришти. Кагаз-кугаздардын баары тытылып бүтүп, текшерүүчүлөрдөн цирктин имараты тешиле баштады. Айлам кеткенде текшере турган кагаздарды желим пакеттерге салып, сырттагы бактардын түбүнө таштап салдым, ошол жерден текшере бергиле деп.

– Абдан туура акылың бар экен, өзүң деле жаз келди отургучуңду сыртка койдуруп, көйнөк-дамбалчан иштей бер, – деп Мар аба каткырган бойдон кетиптир.

***

Исхак Масалиев Улукбек Ормоновду далыга чаап:

-Кайраным, түшүңө «Ак жол» кирип чыккан го, чочугансып «Ак жол» партиясынан деп бакырдың.

– Эй Исхак, башынан ойлонбоптурмун. Карабайсыңбы «Бир Бол», «Ак жол» деп экөө окшош болуп жатпайбы. Муну билгенде кичине акчадан кошуп, «Кыргызстан» же «Өнүгүү-Прогресс» партияларына кирип кеткенимде мындай болмок эмес, – деп кутулган экен эргулуң.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: