2017-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун имаратында аталган соттун төрагасы Б.О.Мажитов жана судьясы Н.К.Каипова менен Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын башкармалыктарынын инспекторлорунун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда юридикалык жакты же жекече ишкердин ишмердигин жүргүзүшүн токтотуу жөнүндө доо арыздар менен кайрылууда Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 132-133, 386-387-статьяларынын талаптары терең изилденди жана мамлекеттик бюджетке акча каражаттарды өндүрүүдө пайда болгон суроолор талкууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө сот өндүрүшү жана салык мыйзамдарынын алкагында катышуучулар бири-бирине суроолорун беришип, аларга толук жоопторун ала алышты.
Кездешүүнү аяктап жатып, Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун төрагасы Б.О.Мажитов жана судья Н.К.Каипова меймандарга алардын оор, бирок мамлекет үчүн маанилүү кызматында ийгиликтерди, карьералык өсүүнү жана бекем ден-соолук каалашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ