Menu

Ошто мечит имамдарына адабий китептерди окуу сунушталууда

Бөлүшүү:

“Бул боюнча Ош облустук мусулмандар казыятынын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов билдирди. Анын айтмында –““Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата учурда Ош облустук казыяты тарабынан кыргыз адабиятынын көркөм сөз өнөрүн байыткан көрүнүктүү жазуучуларга таандык адабий китептери сатылып алынды” – деп маалымдады Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

Тандалган китептер негизинен Кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучулары Төлөгөн Касымбеков, Чыңгыз Айтматов, Жусуп Баласагын, Кеңеш Жусуповдордун чыгармалары жана даанышман акындар катары эсептелген Кетбука, Асанкайгы, Токтогул, Арстанбек, Калыгул, Калмырза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок акындардын чыгармаларына таандык “Залкар акындар” сериясынан турат. Аталган жазуучулардын чыгармаларында Кыргыз Элинин көөнөрбөс маданияты, ыйманга жана бийик адеп-ахлактык тарбияга чакырган даанышман накыл кептери камтылган. Андыктан ар бир дин кызматкери Исламдын баалуулуктары менен Кыргыз адабиятын, жогорку маданиятын айкалыштырып коомчулукка жеткирүүсү абдан маанилүү. Бул демилге имамдар үчүн да  кыргыз элинин улуттук маданиятын таануу менен көркөм сөз чеберчилик өнөрүн үйрөнүп, сөз байлыгын байытуусуна өбөлгө болмокчу. Мындан сырткары ушул эле китептер топтомун райондук хатибияттардын кызматкерлери, мечит имамдары кодонуп, өздөрүнүн көркөм сөз өнөрүн байытып, сүйлөө чеберчилигин жогорулатуусу боюнча сунуштар берилди” – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, Ош облустук казыятынын кызматкерлери учурда “Оратордук искусство” темасында бир айлык курста окуп жатышат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: