Menu

Апрель үмүттөрү акталдыбы?

Бөлүшүү:

Атамбаевдик бийлик 7-апрель күнүн элдик революция болгон деп жарыялап, кызыл дата катары календарга киргизгени мына быйыл алгачкы жолу бул күн чоң шаан-шөкөт менен белгиленди. Атамбаев менен анын бийлиги жана дагы бийликтен бир аз тыйын тыпыр алып, шилекейин жуткан көрпенделер уу-дуу кылып майрамдашканы менен, элдин басымдуу бөлүгү 7-апрелди каргашалуу окуя катары санап, жүрөк оору менен тосушту. Калктын калың катмары кандуу 7-апрелди шаң-майрамга айланткан ажонун  айланасындагы акыл кошчуларын жеткен кошоматчы, жарым акыл, чаласабат деп нааразы болуп жатышканын социалдык тармактардагы, көчөдөгү күңгүрөнө айтып жаткан сөздөрдөн баамдаса болот. Акылы тетиктер “бийлик алмаштыруудагы коюлган максаттар орундалдыбы, эл көксөгөн мүдөөсүнө жетип жатабы?” деген суроонун жообун таппай карайлап жатышканы көрүнүп турат.

Бул боюнча коомдук ишмер Эмил Үмөталиев суроону так жана тикесинен койду. 7-апрелдин максаттары кандай жана кимдики эле?

Ооба, андагы максаттар жалпы элдики беле же бир ууч топтуку беле? Революциябы же төңкөрүшпү? Бүгүнкү күн көрсөтүп тургандай – ошондогу Атамбаев баштаган саясий топтор менен карапайым калктын максаттары бири-бирине коошпогон, таптакыр эки бөлөк максаттар болгон экен. Көрсө бир ууч саясий топ өздөрүнүн жеке мүдөөсүнө жетүү үчүн калың элди курал катары колдонгон экен. Ошого жараша азыр өлкөнүн саясий тизгинин мыкчып отургандар андагы максаттарына жетип, мамлекетти, казынаны каалагандай калчап отурушканы менен, канга чыланып, бийлик алып берген карапайым эл ындыны сууп, таш тиштеп отургандай.

Бийлик 7-апрелди жалпы элдик революция катары көрсөтүүгө жанталашканы менен убакыт деген өжөр неме чындыгында анда бийликти кандуу жол менен алмаштырган төңкөрүш болгонун тастыктап келатат. Буга калың калктын кызыкчылыгы унутта калып, жутунган бир ууч саясий топтун напсиси алдыга озуп чыкканы далил боло алат. Буга өлкөдө эч кандай бурулуштуу өзгөрүштөр болбой эле тескерисинче кургуйга карай тоголонуп баратканыбыз күбө.

Ушул жерден “апрель төңкөрүшү мүдөөсүнө жете алдыбы?” -деген суроону коюп көрөлү. Жоопту да учурда саясий аренада жүрүп жаткан процесстерге карап өзүбүз издейбиз. Болгону, кейиштүүсү, жооптор эки ача жолго кирип кетип жатат. Эки жолду тең колдоп, тастыктаган өз тарапкерлери бар.

Революция максаттары акталды… Атамбаев жана КСДП үчүн

Атамбаев бийликти алууга кошкон эбегейсиз салымы үчүн Орусиянын алдына Кыргызстанды чөгөлөтүп берди. Өлкөнүн стратегиялык объектилерин орустардын колуна салып берип, иш жүзүндө Кыргызстан Путиндин ишаратысыз өз алдынча чечим чыгара албаган, Орусиянын “вассалы” болуп калды. Мындай пикирлерди бир катар саясий талдоочулар менен аналитиктер карманып келатат.

Атамбаев өзүнүн шоопурунан баштап жансакчысына чейин жогорку кызматтарга жайгаштырды. Алсак, шоопуру Икрамжан Илмиянов 2010-жылдан кийин унаа салонунан түз эле Ак үйдүн 7-кабатындагы чоң бөлмөлөрүн ээлеп отуруп калды. Ошондон бери бирде президенттик аппаратты жетектесе (1-орунбасар болуп), бирде ажонун кеңешчиси болуп, иш жүзүндө атамбаевдик бийликтин кадр саясатын оңду-солду калчап келатат. Ара чолодо расмий мансаптардан бошогон түр көрсөткөнү менен, аныгында Атамбаевдин “Форумунда” отуруп алып депутат, министр, губернаторлорду, ал эле эмес көчөдөгү саясатчы, бизнесмендерди да каалагандай тескеп келет. Атамбаев ушинтип Кыргызстанды шоопуруна бийлетип койду, ал эми шоопур өз деңгээлине жараша урдуруп жатат. Кечээ эле майланышып унаадан бери болбогон Икрамжандын бүгүн миллиондорду чапчыган ири бизнестерди кураганы, бийликтин сересинде тааныш-билиштик империясын түптөп алганы айтыла берип тамтыгы чыкты. Эгерде ошол айтылгандар чындык болсо, анда ал мындай ийгиликтерге коррупциясыз жете албагандыгы аштан бышык. Ага заман өзгөрүлүп, убак-сааты келгенде чара көрүлбөсө, бүгүн  мыйзамдардын да, адамдардын да тиши өтпөгөн хан болуп калган.

Андан бери өтсөк, Акаевдин, Атамбаевдин кечээки маалымат катчысы, атайын кызматка түк тиешеси жок Абдил Сегизбаев ажонун кайниси болгону үчүн УКМКны чеңгелдеп, ал аркылуу оппозициясы болобу, эркин журналисти болобу артынан түшүп, куугунтуктап келет. Атамбаевдин жансакчылары Улан Исраилов ИИМди башкарса, Болот Сүйүнбаев УКМКда. Буга окшогон мисалдар ондоп-ондоп саналат.

Атамбаев Кой-Ташка кымбат баадагы вилла курду. Бул хансарай кезинде Бакиевдер мыйзамсыз ээлеп алган талаштуу, бирок бак-шактуу, дарыя бою, тоо этеги жана салкын абалуу “бейиш” жерге салынды. Ал жердин “коррупциялык жол менен сатып алынганын” жана акысына “А.Ибраимов Бишкек мэрлигин алганын” Ө.Текебаев документтерин булгалай тынымсыз жар салып келатат. Эгерде бул факты да өз ордун таап, аныкталчу болсо, анда А.Атамбаевдин өлкө башында отуруп алып коррупция менен шугулданганы ачыкталат.

Башында айкөл көрүнгөн Атамбаев кийинки кездери саясий плюрализм менен сөз эркиндигин ар тараптан камалап, муунтуп кирди. Маалымат айдыңында өз саясатын толук жүргүзүү үчүн эркин ММКларды тегерегиндеги аткошчулары аркылуу саттырып алып, жаптырганын жаптырып, кылмыш иштерин козготуп, айыппулдарды салдырып келатат. Бүгүнкү күндө “Вечерний Бишкек”, “Дело №”, “Де-Факто”, “7-канал”, “On 1 каналы” сыяктуу “эркин” атанган бир катар ММКлар иш жүзүндө Икрамга, Фаридге, Абдилге ж.б. ошого окшогон Атамбаевдин “аткошчуларына” иштеп, бийликти бир жактуу коргоп, оппозицияга ар тараптан жугунду куюп жатат. Эл объективдүү, бийликтин таасиринен тыш жана ан-сезимди манипуляциялоону көздөбөгөн калыс маалыматтарга суусап турат.

Апрель үмүттөрү таш-талкан болду

Тышкы карызыбыз 4 млрд 200 млн долларды чапчыды. Президенттердин ичинен эң көп карыз алганы А.Атамбаев болду. Кезинде “сырттан карыз албай, ички потенциалды туура колдонуу менен эле өнүгүп кетсек болот”- деп акылдуусунуп келген бу киши мурунку ажолордон ашып түшүп, 5 жылдык башкаруусунда 1 млрд долларды өлкө моюнуна илди. Көрсө көчөдө жүрүп кыйкырганда оюна келгенди оттоп койсо боло берет турбайбы. Же карызды калыңдатууда капчык толтуруунун кандайдыр бир жолун көрө калып, ошого азгырылып кетти бекен? Бул арада Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта кору “карызыңар кызыл чекке жетип баратат” – деп коңгуроо кагууда. Негизи тышкы карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмүнүн 60 нан ашпашы керек, андан ашса мамлекет дефолт деп жарыяланат. Бул деген өлкө банкрот болду дегендик. Андай абалда карыз берүүчүлөр карыздарын ар кандай материалдык түрдө доолап, жер аймактарына тиш салып кириши толук мүмкүн.

Бюджет таңсыктыгы өсүп, 24 млрд сомго жетти. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүүнүн гана үстүндө. Бюджеттин жыртык-тешигин жабуу үчүн Орусиядан, эл аралык донор уюмдардан тынымсыз карыз алып келатат. 2011-жылы А.Атамбаев “эми таңсыктык дегенди унутабыз, бюджет профицит менен түзүлөт”- деп ооз көптүргөн эле, бирок андагы жалындуу сөздөр “жалп” өчтү. Ал кенемтени Орусиядан, Батыш өлкөлөрүнөн, эл аралык донор уюмдардан карыздап алып, толтуруп келатабыз.

Атамбаев төңкөрүштү чогуу жасашкан лидерлерди саясий аренадан сүрүп чыгарып, алдын камап, артына кылмыш иштерин козгоп жатат. Алмаз Шаршеновичтин апрелиндеги 2010-жылдын максаттары аныгында жеткен кыйды жана эгоисттик маанайда болгону бүгүн ачыкка чыгууда. Такка отургандан баштап алты жыл бою саясий оппоненттерин четинен буттан чалып, оюндан сүрүп келген болсо, ажолугу жуп аяктаарда узак жылдар бою өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келген Ө.Текебаевди да артынан бычак сайып, орго салып отурат. Муну менен ал ажолугунан кийинки мөөнөттөрдү да өзү каалагандай пландоону көксөгөнү көрүнүп турат. Эски досторуна тузак тартуудагы мотивдерин ал коррупцияга каршы күрөшүү жараяны менен түшүндүргөнүнө карабай, чындыгында анысы бетке кармаган кубулма маскасы экендигин коррупционерлерди кармап-камоодогу кош стандарттуу иштери далилдеп берет.

Жоопсуз суроолор көбөйүп кетти

Эл арасында карайлатып жооп издеткен суроолор көбөйүп кетти. Бийлик ар кандай статистикалар, кагаз-кугаздар менен жубатканы менен, калктын көзүндө жоопсуз суроолор жайнайт.

  1. Кезинде “электр баасы итбекер болуп жатканда наркты көтөрүү күнөө” деп кан-какшап жүргөн А.Атамбаев эмне үчүн өзү бийликке келгенден кийин, электр баасын 3 эседен ашыкка көтөрүп салды? Кара чечекей уулдары ушул тармакта бизнес жасашканы үчүнбү? Электр тармагынан түшүп жаткан эбегейсиз көп суммадагы каражат кайда кетип жатат?
  2. Үй-бүлөлүк башкарууну кетирсек эле гүлдөтүп өстүрмөкпүз деген Кыргызстаныбыз эмне үчүн бардык абройлуу рейтингдер боюнча артка кетүүдө? Эмне үчүн жашоо шартыбыздын деңгээли боюнча Африка өлкөлөрүнө катар туруп калдык?
  3. Эмне үчүн эмдигиче Ош окуялары менен андагы кан төгүүлөргө себепчи болгон саясий ишмерлер менен жетекчилер табылып, жазалана элек?
  4. Эмне үчүн сот бийлиги менен укук коргоо органдары саясий ишмерлерге карата кош стандарттуу мамиле жасашат? Алсак, оппозициядагы А.Келдибеков, Н.Түлеев, К.Самаков, К.Ташиев, С.Жапаров, О.Текебаев сыяктууларга катаал чара колдонулуп, камакта соттоп отурушса Атамбаевди айланчыктаган И. Өмүркулов, Т.Сарпашев жана башкалар ошондой эле кылмыштары үчүн тайралаңдап сыртта жүрүшөт.
  5. Эмне үчүн мамлекеттик бийликтеги коррупциялык, тууганчыл-таанышчыл, жердешчил, кландык башкаруу мурдагыдан да күчөп кетти? Эмне үчүн бийликтин бардык бутактарында, тепкичтеринде КСДПнын өкүлдөрү отурса дагы кетирилип жаткан кемчиликтер, шалаакылыктар үчүн алар жооп бербей, башкалардын башы кетүүдө? Эмне үчүн А.Атамбаев бийликтин туу чокусунда отуруп алып элге тең карабай, ар дайым КСДПнын камын көрүп келет?
  6. Эмне үчүн көп оор кылмыштарды кылган кылмышкер жана рецидивист Азиз Батукаев сырдуу жагдайда абактан бошоп, өзгөчө камкордук менен өлкө сыртына чыгып кетти? Бул окуяга өлкө жетекчилиги менен ири масштабдагы коррупциялык схема жол берди деген абройлуу ишмерлердин айыптоолору чынбы?
  7. “Кыргызгаз” кандайча банкроттукка жеткирилип, аягында 1 долларга орустарга сатылып кетти? Эмне үчүн “Кыргызгазды” банкрот деп моюнга алган президент, бул тармакты ким банкроттукка жеткирди деген суроодон жан үрөп буйтап келет?
  8. Эмне үчүн коңшуларда, чет элде арзандап жаткан күйүүчү май баасы бизде, тескерисинче, асмандап кетип жатат? Эмне үчүн күйүүчү майды аткезчилик менен коңшу Тажикстанга агызып жаткан А.Атамбаевдин айланасындагы чиновниктерге чара көрүлбөйт?
  9. Кечээки майланышкан шоопур, бүгүнкү жарылчудай тысырайган Икрамжан Илмияновдун жана ошол сыяктуу аткошчу-жансакчылардын баштан ашкан байлыктары кайдан жана кантип куралды?
  10. Ушул жылы 16-январда Дача-Сууга кулаган учактагы миллиарддаган сомдук сырлуу жүктүн ээси ким? Аны “ажо Атамбаевдики” деген абройлуу адамдардын кинелери канчалык туура?

Мындай суроолорго эл Конституция баш болгон мыйзамдардан да, байыртан карманып келаткан каада-салттардан да, жадагалса адамгерчиликтин негизи болгон жөнөкөй логикадан да жооп таппай келет. Бийлик элдин көзөмөлүнөн, тескөөсүнөн чыгып, өзүм билемдикке баш-оту менен кирип кеткенде эл кандай радикалдуу кадамдарга бараарын 2005-2010-жылдардагы төңкөрүштөр баса көрсөтпөдү беле? Же А.Атамбаев жана анын аткошчулардан турган командасы үчүн алар сабак эмеспи?

Кубатбек АЙБАШОВ

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: