Menu

Кыргызстан Ысык-Көлдөгү 4 пансионат жайгашкан жер участокторун Өзбекстанга убактылуу колдонгонууга берүү чечимин кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү жарлыгына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Аталган чечим Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 1994-жылдын 24-декабрындагы Келишиминин негизинде кабыл алынды.

Белгиленген документ туризмди өңүктүрүүгө жана түз инвестицияларды тартууга багытталган. Чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл обласынын территориясында жайгашкан Өзбекстан Республикасынын имарат жана курулуштарына ээлик кылуу укугун каттоо тартиби түзүлөт, тактап айтканда төмөнкүлөргө:

-«Бостери» пансионаты (мурдагы «Золотые пески», Бостери айылы);

– «Алтын-Жай» пансионаты (мурдагы «Рохат-НБУ» Кара-Ой айылы);

–  «Энесай» пансионаты (мурдагы «Дилором»,  Кара-Ой айылы);

– «Бустон» пансионаты (Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагы).

Бул учурда аталган объектилерге бекиген жер участоктор Кыргыз Республикасынын менчиги бойдон кала берет жана убактылуу гана колдонууга берилет. Ошол эле маалда өзбек тарап белгилүү мөөнөткө чейин белгиленген объектилерди  Кыргыз Республикасынын колдонулган стандарттарынын негизинде  3чү же 4-чү деңгээлге жеткирүү максатында каражат инвестициялоо жана мүмкүн болушунча жылдын ар мезгили сайын иштеши керек деген милдетин алат.

Белгилеп кетчү жагдай, Өзбек тарап курулуштун жүрүшүндө жана кийинки иш маалында 80% аз эмес  жумушчу күчтүн курамын  Кыргыз Республикасынын жарандарынан түзүү милдетин алды.

Макулдашуулардын алкагында өзбек тарап Эл аралык арбитраждык соттон арызын алып салуусу каралган. Аны менен бардык талаштар тынчтык жолу менен жөнгө салынган болот.

Андан тышкары, аталган документ Өзбекстан Республикасынан келген туристтердин санын көбөйтүп, ошондой эле боордош элдер ортосундагы карым катнаштардын жакшыруусуна көмөктөшөт. Белгилей кетчү жагдай, пансионаттардын курулушу салыктын көбөйүшү менен республикалык бюджетке кошумча каражаттардын келиши сыяктуу  мультипликаттуу таасир берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: