Ааламда болбой турган нерселер Ала-Тоодо болот. Дүйнөгө дүңгүрөп аткан лидерлер деле жамгыр алдында өздөрү эле кол чатырларын колго кармап басышса, биздин чиновниктер күн тийсе да кол чатырларын жандоочторуна көтөртүп алышат, бай-манаптык «касиеттерин» баса белгилеп… Эсиңерде болсо Ош областынын губернатору, азыркы тил менен айтканда Өкмөттүн Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевди да унута элексиңер да. Кол чатыр менен коомчулуктун кыжырын кайнатканын. Ушул эргул эми таптакыр зоболосун көкөлөткүсү
келип, көзүнө эч кимди илбей калыптыр. Кабылдамасына келген же кайрылган адамдарды кабыл алып, жергиликтүү элдин көйгөйүн чечүү таптакыр оюнда жок экен. Ага кайрылгандар «Сарыбашевге караганда Сталиндин кабылдамасында турган оңой болсо керек» – дешет. Кызыгы, «Ошко губернатор болгондор премьер министр анан президент болот. Мен да жакында премьер болом» – деп ооз көптүргөнүн көбү эле айтып жүрүшөт. Элден качып, алардын көйгөйүн чече билбеген адам кайдан өсмөк эле?.. Жүрө берет да «зонтик» карматып коюп. Ошонусуна куштарланып…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ