Menu

Көк чай менен кара чайдын канчалык айырмасы бар?

Бөлүшүү:

Айрымдар алар эки башка жалбырактан жасалат деген да ойдо жүрүшү мүмкүн. Бирок көк чай менен кара чай бир эле жалбырактан чогултулуп, иштетүүдө гана бөлүнөт.

Кара чай кантип пайда болот? Ал табигый шартта, күндүн, шамалдын жана нымдуулуктун негизинде өзгөрүп, кара түскө ээ болот. Ал эми көк чай жашыл кезинде чогултулуп, ачуу ысык бууга кармалып, кычкылдануу процессинде чай көк-жашыл өңдү кармап калат. Көк чай кара чайга эч окшошпойт. Анын жыты, даамы, өңү да башка. Бирок көпчүлүк адамдарга
жөн гана жашыл жалбырак чай жага бербейт жана аны кумшекер кошпой ичишет. Кара чай пайдалуулугу жа-гынан көк чайга жетпейт. Өз ден соолугунун камын ойлогондор бир гана көк чай ичишет. Көк чайдын өзгөчөлүгү – анда витаминдер жана микроэлементтер, көмүртек, калий, фтор, жез ж.б элементтер бар. Көк чайдын мыкты дарылык касиети – аны рак ооруларын дарылоодо колдонот. Көк чай С витаминине бай жана кан тамырлардын бекем болушуна пайдалуу. Көк чай жүрөк ооруларын алдын алууда жана мээ кантамыр ооруларын айыктырууда колдонулат. Ошондой эле артериалдык кан басымды басаңдатат. Эгер сасык тумоо кыйнаса, көк чайды колдонуу да пайдасын берет. Бирок кара чайдын өзүнүн тийиштүү орду бар. Анда макро-микро жана ультрамикроэлементтик витаминдердин В группасы чайдын өзгөчөлүгүн түзөт. Чайдын жалбырагындагы белоктор менен көмүртектер В витамининин группаларын сактоого жардам берет. Ал тишти жана тиштин бүлөлөрүн таза сактаган фтор затына ээ болгон сейрек азык зат. Буга байланыштуу демделген чайдын чамасы менен күнүнө бир канча жолу тишти сүртүп туруу кеңеши берилет.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: