Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча конушунда үй өрттөнүп, бир аял жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, алоолонгон от 65 чарчы метр үйдүн чатырын, эмеректерин жалмап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1972-жылы туулган В.Н. аттуу аялдын бети, колу, буту күйүп калып, ал №4 борбордук ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын себеби такталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ