Menu

Ревизорро: И. Өмүркулов: “Атамбаев журт атасы”… А.Атамбаев: “КСДП “родной” партиям”

Бөлүшүү:

Орустарда “Ревизорро” деген телепрограмма бар. Коомдук жайлардын элди тейлөө кызматтарынын сапатын текшерип турат. Ал эми биздин “Ревизорро” рубрикабыз алардыкына аты уйкаш, бирок заты башка. Биз саясий, коомдук ишмерлердин, төбөсү көрүнгөн кыйындардын сүйлөгөн сөздөрү жана берген убадалары менен иш  жүзүндө аткарып жаткан ишмердиктерин салыштырып, сөздөн тайып, жолдон четтеп “кубулуп” кеткендерин көзгө сая көрсөтүп турабыз. Алгач ажобуз Алмазбек Шаршенович Атамбаевди бутага алып көрөлү.

А.Атамбаев:

– Жаңы түзүлүп аткан “Ак жол” партиясына ачык эле каршы чыккам, бир топ ойлорумду президентке деле айткам, президент партия башчысы болгон туура эмес, президент деген журт башчысы болуш керек деп.

(“Алмазбек Атамбаев: К.Бакиев дагы А.Акаевдин каталарын кайталады”, “Азаттык”, 23.04.2009) 2011-жылы А.Атамбаев КСДП партиясынын атынан президенттик жарышка катышып, шайланып келген. Ал эми Башмыйзам боюнча Президент кызматтык мөөнөтү учурунда кандайдыр бир саясий партиянын мүчөсү боло албайт. Ушул тартиптердин негизинде А.Атамбаев формалдуу түрдө КСДПнын катарынан чыккан. Бирок ага карабай, ажо 2010-жылдан бери карай жалпы элдин эмес, “родной” – КСДПсынын арыгын чабуу менен гана алектенип жүргөндөй элес берет. Мындай кызмат абалын бура тарткан кыянат мамилени К.Бакиев кезинде катуу сынга алып келген болсо, бүгүн өзү ошол жолдо. Салыштырып көрөлү.

Президент болуп шайлангандан бери А.Атамбаев парламенттеги көпчүлүк коалициясын куроо мандатын такай КСДП партиясына ыйгарып келет. 2011-жылдан бери коалиция 6 жолу чачырап, кайра куралган болсо, баарында тең мандат КСДПга берилген жана өкмөт башчылар ушул партиянын квотасынан дайындалып келет. Өкмөттөн баштап айыл аймактарына чейинки бийликтин дээрлик басымдуу бөлүгүн КСДПнын өкүлдөрү ээлеп алышканы эл ичинде нааразылык туудуруп келет.

____________________________

“Анын (А.Атамбаевдин – ред.) айтымында, азырынча алдыдагы президенттик шайлоодо ал жетектеген КСДП партиясынан ким талапкер болору анык эмес. Атамбаевдин айтуусунда, КСДП партиясынан президенттикке талапкер коомдук пикирге жараша тандалып, ким көп колдоо тапса, ошол адам көрсөтүлөт”.

(“Атамбаев: КСДПдан президенттикке татыктуулар көп”, “Азаттык”, 24.03.2017)

____________________________

А.Атамбаев:

– Болжол менен 2-3 айда партия (КСДП – ред.) өзүнүн талапкерин көрсөтөт. Бирок, компроматтар согушу сыяктуу иштер бар экенин унутпоо керек. Жаңы талапкер абийири таза адам болууга тийиш.

(А.Атамбаев: “2-3 айдан кийин КСДП өзүнүн президенттикке талапкерин көрсөтөт”, “Кабар”, 24.03.2017)

____________________________

А.Атамбаев:

– Вы называете «партия власти». Говорите прямо — президентская партия. Да, я не скрываю этого. Президент основал эту партию. И это единственные те, на кого я могу положиться. Заранее все грехи навешивают на СДПК. Пока это партия, на которую я опираюсь. Если бы у нее было не 25 мест в парламенте, а 60, то я бы навел порядок быстрее

Выступая на пресс-конференции по итогам 2013 года, Атамбаев впервые за всю историю своего президентства заговорил о желании усилить роль созданной им Социал-демократической партии (СДПК).

(Атамбаев назвал СДПК “президентской партией”, Kloop.kg, 16.12.2013)

____________________________

А.Атамбаев:

– СДПК была создана мной. Она 20 лет была в оппозиции, я лично проверял списки социал-демократов.

(Алмазбек Атамбаев: «СДПК – единственная партия, на которую я могу опереться, но не надо называть ее партией власти», “Кабар”, 16.12.2013)

____________________________

А.Атамбаев:

– Биздин бир жаш балабыз Жанар Акаев “Акаев менен Бакиевдин эмне залакасы бар” деп айтыптыр. Ал “балашка” билбейт го. Анткени анын шайлоодогу каражатын биз көтөрүп бергенбиз.

(“Президент депутаттын сөзүнө терикти”, “Азаттык”, 07.11.2016)

____________________________

Президент болгонуна карабай Атамбаевдин КСДП партиясынын саясий иштерине аралашып жатканын белгилеген Текебаев Конституция боюнча мындай аракеттерге жол берилбеши керектигин эскертти. Ө.Текебаев:

– Конституциянын 63-беренесинин 3-пунктунда минтип жазылып турат: президент ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүн саясий партияларга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот. Ал эч бир партияга көз ымдап да жан тартпашы керек болчу.

– Февраль айында Чолпон-Атада болгон КСДП партиясынын курултайында анын эң жогорку мүчөлөрү болуп президенттин аппаратында иштеген, андан түздөн түз көз каранды болгон кишилер партиянын жогорку жетекчилигине кирди.

Текебаев президент КСДП партиясын өзүнүн аппараты аркылуу жетектеп жатканын да баса белгиледи.

(“Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоо аракетин баштаганын айтты”, Sputnik.kg, 22.11.2016)

Кубатбек АЙБАШОВ

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: