Кызматташуу туурасында мемарандумга 2017-жылдын 13-апрелинде эки саясий партия тарабынан кол коюлду. Бул туурасында Өнүгүү-Прогресс фракциясынын катчылыгы тараткан маалыматта айтылат.
Меморандумда көрсөтүлгөндөй, эки партиянын кызматташтыгынын негизги приоритеттүү багыттарынын бири – бул алдыдагы 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоолорго биргеликте катышуу болмокчу. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 15-февралында ушундай эле меморандумга «Өнүгүү» фонду менен « Замандаш» ассоциациясы кол коюшкан болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ