Menu

Күнболот Момоконов, журналист: “Башыңды кесем” десең мен даяр, бирок Таласымды талкалабасаңар экен!

Бөлүшүү:

2015-жылы 4-майда “Жерүй” кенин өздөштүрүү боюнча тендер өтүп, анда орусиялык “Восток- геолдобыча” компаниясы тендердин шартын аткарып, Кыргызстандын бюджетине алгачкы бонус катары бир жолу төлөнүүчү 100 млн. доллар каражатты төлөө менен кенди иштетүүгө лицензияны утуп алды. Мамгеологиянын башчысы Зилалиев Дүйшөнбек мырза конкурстун шартына ылайык эгер кайсыл компания конкурсту көбүрөөк акча берсе, ал үчүн 10 баллдан кошулуп утуп алуу мүмкүнчүлүгүн алат деген. “Восток геолдобыча” компаниясынан айрымаланып “Кыргыз алтын” ишканасы 114 млн. доллар сунуштап, бирок утушка ээ боло албай калган. Бул да тарыхта такталып, жооп берчүлөрдүн милдетине бүтпөс суроо болуп кала бермекчи. Анан калса Жерүй кенин ачык конкурс болот деген Д. Зилалиев акыркы күндөрүндө өз позициясын өзгөртүп, Жерүй кени жайгашкан жергилктүү Бекмолдо айылынын азаматтарын, Таластын айрым активистерин конкурстук комиссиядан четтетип өкмөттүн сөзүнөн чыга албаган, “айт” десе “кыйт” болгон облус жетекчиси Койсун Курманалиева баштаган аким, айыл башы, айыл кеңешинин төрагасын комиссияга киргизип Жерүйдү сатууну туура көрүшкөн. Чыныгы элдик адамдар байкоочу болуп гана кала беришкен. Буга эмне себеп болду эле? Буга чейин Бекмолдолуктар жеке өздөрүнүн кызыкчылыгын эмес, жалпы Кыргызстандын келечеги, “иштесе иштесин, бирок жемибизди жедирбей, акчасы да ошончо болсун” деген тилекте конкурстун баштапкы баасын 100 млн. доллар эмес, 300 млн. доллар деп көрсөткөн болчу. Мындай суммага компаниялар келбегендигин айтып, президентибиз Таластыктарды “поктогонго” чейин барып, “Каршы чыкканыңарды камайм, лицензия 300 сомго сатылганда кайда элеңер”-деп, лицензияны ошончо баага саткан “саткындардын” сазайын берген таластыктарды, ошолор баштап жасаган революциядан соң журт атасы болгонун дароо унутка чыгаргандай эле болгон. Жөнөкөй эле көз карашта караганда, журт атасы өз элине тиш кайроого акысы болобу? Алар эмне 300 млн. долларга сатылсын деп, 200 млн. долларын чөнтөктөрүнө салып алалы дешти дейсизби? Жок. Кыргызстанга кирип, ач отургандар ток болсун, жыртылган жолдорго жамалсын, мектептер салынсын деген максатта болгону көрсөтүлгөн сумма эле айтып турбайбы.

Президентибиздин сунушу менен ошентип Жерүй кени конкурска 100 млн. доллар өлчөмүндө көрсөтүлүп коюлду. Эмнеге 200 млн. же 150 млн. деп коюлбагандыгына кызыккан “кырмычык кыраар” кыйындарыбыз чыккан жок. Сыягы, кыргыз бийлиги акчага ток болчу… Ал турсун “Кыргызалтын” берген 114 млн. долларды да көзгө илбеди. Сыягы өкмөт менен компаниянын ортосундагы “коррупциялык схемалардын” планы ушул жерде башталып “соодалашуудагы сумманын” жанында 14 млн. доллар суу кечпей калган көрүнбөйбү.

Жерүй кениндеги келишимдер дегеле адам жанын жыргата турган жагдайда эмес. “Иштесин, иштебесин”-деген ызы чууга оролгон кен, ачык түрдү көрсөтүп, элге жолукмуш болгон, куру убадалар менен курсак тойгузган өкмөттүн бар аракети бааланып эски бийликтин тымпыйган кыялына салыштырылып, булардыкы жакшы болду, ачык-айрым болду таризде Жерүй кени конкурстук негизде сатылып кетти. Алганыбыз 100 млн. доллар. Эгер чындып Кыргызстандын тагдырына кайдыгер эмес мамиле болсо, анда келишимдердин мамлекет үчүн камкордугу кадимкидей көрүнмөк. Тилекке каршы, эки тараптуу макулдашууларга келсек, Кыргызстан Жерүй кенинен таза кирешеден 1% үлүш албагандыгы эмнени каңкуулайт? “Восток-геолдобыча” менен кыргыз өкмөтү “Жерүй кенин иштетүүнүн шарттары жөнүндө” деген генералдык келишим түзүп, анда өндүрүлгөн таза алтындын канча пайызы Кыргызстанга таандык болоорун, сатуудан түшкөн кирешенин пайыздары кимге канчадан тиери тууралуу маселе кабыргасынан коюлуп эл өкүлдөрү олтурган Жогорку Кеңеште кызуу талкуунун жаратып, өкмөт бул маселеге жоопкер болушу керек болчу. Тилекке каршы, мамлекеттик ведомстволор унчукпай жатып алышты. Муну сезген компания жана анын тарапташтары шалаакы, сатылма, коррупцияга жакын эл экенибизди, эч нерсени түшүнбөсүбүздү билип генералдык келишим тууралуу ооз ачмак тургай, “Жерүй биздики каалаганыбызды кылабыз” таризде иш алып барууга өттү. Кумтөрдү “кылымдын аферасы” деп калат эмеспизби. Жерүйгө келсек кантип атоого болооруна сөз таппай убара болуудабыз. Өндүрүлгөн алтындын кем дегенде 45 пайызын алуу шартын карай албаган депутаттарыбыз кай жакты карап олтурганын деле түшүнүп болбойт.

Дүйнөлүк базарда алтындын бир унцийи кеминде 1200 доллар болуп турат. Жерүй кениндеги 84 тонна алтынды ошол баа менен эсептесек 3 млрд. 200 млн. доллар болот экен. Өлкөгө берген 100 млн. доллар эмне жыртыгыбызды бүтөгөнүн сурап көрсөк, жарым-жартылай салган мектептерден башка эмнени айта алабыз? 100 млн. доллардан Таластын алган ырыскысы облустук өнүктүрүү фондуна 170 млн. сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна 170 млн. сом, Бекмолдолуктарга 170 млн. сом бөлүп беришти. “Кокууй, мунун баарын алса Париж болот” деген облусубуз мурункусунан эч айрымаланбай, шаардын бир көчөсү оңдолбой турат. ОШол акчаны жалпылап алганда 510 млн. сом болот экен. Доллар менен эсептесек 6 млн. доллардын тегереги гана болот. Бул билгенге Кыргызстанга караганда компаниянын алган акчасына салыштырмалуу болбогон мизир акча. Алтынынан кутула албай жаткан акылсыз киши да мынчалык кадамга барбайт беле деген ой мээ терметет. Техникалык, экологиялык коопсуздук маселеси деле унутта калган сыяктуу. Алгач компания алтынды казып алуу үчүн цианид химикаттарын 10 эсе аз колдонуу менен казып алуу шарттарын айтып чыкканы бар. Бирок, айрым экспеттердин пикирин карасак, 100 млн. менен Кыргызстанга кылтак салган компания ал ойлорунан кайтып жатышканы да айтылууда. Мунун баары баштагы эки тараптуу генералдык макулдашуулардын ачыкталбагандыгы. Зилалиев экологиялык жактан коопсуз маселелердин биздин пайдабыз үчүн чечилишине жан үрөп жатканынан улам, ушул жаздын мартында өз проектилерин берүүгө милдеттендирилген компания ишин тездете албай жаткандыгын ушул жагдайлардан улам деди. Экологиялык маселени карап жатса жакшы, антпей, компания өз проектисин кечиктирген ар бир айы үчүн Кыргызстандын пайдасына 100 миң доллар акча берүү шартын “адалдоо” аракети болуп жатпаса эле болгону. Экология демекчи, Жерүй кени жакын жайгашкан айылдар менен болгон аралыгы бери дегенде 5-8 км түзөт. “Кулунэмбес” жайлоосунун өзүнө камтыган кендин туш тарабында булактардан түшкөн агын суулар бар. Ал суулар Талас дарыясына келип куюп, облустун баш аягы ошол суудан колдонушат. Өстүрүлгөн жер-жемиштин бары ошол суудан ичет. Малдары дагы. Эгер экологиялык жактан дыкат аракеттер жумшалбаса, цианид жүктөп кенге бара жаткан камаздардын биринин кара көзү кашайып уйкуга кетсе, (мындай фактылар Кумтөр кенинде болгон) анда бир облустун элин Суусамыр ичине же Чүй бооруна көчүрүп келүүгө туура келет. (Күчүбүз жетеби? Эл ошого макулбу?) Анткени, агын суу заматта облустун туш тарабына жайылып, ден соолук министри “мынакей таптаза” деп көп жыгаандардын кайсынысына барып жуунарын билбей калат. Манастын руху, духу заматта ууланып, “Манастын эли-жери дегенде кай жерибизди көрсөтүп калабыз” деген да коркунуч пайда болот. Кудай өзү сактасын, бирок “сактансаң сактайм” дегени да бар эмеспи.

Күнболот Момоконов, Facebook

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: