Menu

Жапаров журналисттердин кирешесин ачыктоону сунуштады

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров “журналисттер жана медиа ээлери тапкан кирешеси тууралуу элге отчет бериши керек” деп сунуштады.

Бул тууралуу 19-апрелде парламент жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканда айтты.

Эл өкүлү нускасы миңге жетпеген гезиттердин редакторлору кымбат машине минип, заңгыраган үйлөрдө жашап жатканы алардын ишинде көмүскө бизнес бар экенинен кабар берерин кошумчалады:

– Жалпыга маалымдоо каражаты менен алектенип, ошону менен бизнес кылып, ошол жол менен атак-даңкын чыгарам деген адам киреше-чыгашасын ачык жарыяласын. Ар бир журналист, басылманын ээси бир тыйынына чейин элге отчет бериши керек. Буларды ооздуктабаса, ушак-айыңды жазып, коомду былгытып, акчага байып, жыргап, мыскылдап коюп жүрүшөт.

Акылбек Жапаров айрым журналисттер аткаминерлерден акча алып жүргөнүн, бербегендерди жамандап макала жазарын сындады. Журналисттердин жоопкерчилигин көтөрүү үчүн Кылмыш кодексине да, Административдик кодекске да өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Кыргызстанда журналисттердин этикалык кодекси 2007-жылды кабыл алынып, 2009-жылы толукталган. Ал 23 беренеден турат. Кодекске ылайык, журналист бирөөдөн акча алып, буйрутма макала жазууга акысы жок. Акчага даярдалган макала коммерциялык мүнөздө экени көрсөтүлүүгө тийиш.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: