Menu

Садык Шер-Нияз: “Мен макроэкономиканы да, эл аралык конвенцияларды да билбейм. Анан ал темада эмнени сүйлөйм?”

Бөлүшүү:

– Садык мырза, сиз азыр эле Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы экендигиңизди билдирдиңиз. Эмне себептен?

– Регламент боюнча абдан так жазылган берене бар. Ага ылайык, эгерде депутат жүйөөсүз иштер менен отуз күн келбей калса, ал мандатынан ажырайт. Эми ошол жетиштүү да. «Тартипти күчөтөбүз» деген ой менен «үч күн келбей калса биз элүү пайыз маянасын кесебиз» дейт. Бул эч бир логикага сыйбаган көрүнүш да. Бул эмгек кодексине да каршы келет, адамдык касиетке да, аң-сезимге да жукпаган нерсе. Мындай айып пулду чен-өлчөмсүз эч бир жумуш берүүчү кылбайт. Тартипти орнотсо башкача кылыш керек. Лидер деген өзү жоопкерчиликтүү ошол фракцияга. Ал тартипти өзүнүн дараметине, акыл-эсине, лидерлик сапатына карата жасашы керек да. Эмне үчүн биз мыйзам
менен фракциянын ичиндеги тартипти орнотушубуз керек? Мен ушуга түшүнбөйм.

– Эми бул деле айла жоктугунан жасалган иштир. Кээде залда саналуу гана киши отурган учурлар болуп калып атпайбы?

– Кворум болбой калган учурлар өтө сейрек. Көпчүлүк учурда депутаттардын өздөрүнүн багыты бар. Көбү  азыр отурушат кабинеттеринде, иш жүргүзүп атат ар бири. Бирөөлөрдү кабыл алып, бирөөлөрү мыйзам жазып атат. Ал өзү билген багытка келип сүйлөп берүүгө милдеттүү. Мисалы, мен маданиятты билсем, маданиятка келип сүйлөп берем. Азыр маданият министринен кызыгып сурап атам, «канчанчы маселеге кирип катышып берейин?» деп. А эгер макроэкономикалык түзүлүш жөнүндө мыйзам каралып атса, мен аны билбейм ишенсеңиз. Ал жөнүндө кабарым да жок. Анда эмне үчүн жыйынга катышып, угуп отурушум керек? Же болбосо мен эл аралык конвенциялар боюнча да эксперт эмесмин. Ушундай себептер да… Ар биринин өзүнүн комитети, билген тармагы бар. Ошолор мыйзамды талкуулоого катышат. Ал эми саат үчтө добуш берүүгө келгенде баары келип, добуш беришет.

Андыктан, бул жөн эле популистттик мыйзам. Демократиялык эмес кадам. Депутат, мыйзам боюнча статус берилген адам эмне үчүн бир жакка барса өзүнүн лидеринен уруксат сурашы керек? А лидери уруксат бербей койсочу? «Таласка, же Баткенге барып келейин» десе лидери «эртең жыйналыш бар, ошого катышышың керек» деп уруксат бербей койду. Анда, барбай коюшу керекпи? Аны шайлоочулары чакырып атат, мисалы. Ошондо депутат кайсы жакка барышы керек? Шайлоочуларга барышы керекпи, же жыйналышка катышышы керекпи? Ушундай маселе болуп атат да…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: