Кечээ, 25-июнда Акордонун жанында кармалган беш киши “мыйзамсыз акцияга катышууга” айыпталып, эскертүү алды.
Кармалган кишилер полиция бөлүмүндө “жарандарды кабыл алуу” бөлмөсүнө бирден киргизилип, административдик жоопкерчиликке тартылды. Аларды колдоо үчүн келгендер жана жураналисттер ачык деп жарыяланган жараянга киргизилген жок. “Техникалык себептерден улам” деген шылтоо менен соттук отурум онлайн көрсөтүлгөн эмес.
Кайгылуу Жаңы-Өзөн окуясына катышып, эки жыл мурун оор илдеттен каза тапткан Максат Досмагамбетовдун апасы Онайгүл Досмагамбетова акцияга кенже уулу Кайрат Досмагамбетов менен чыккан. Ал уулу камакта кыйноого кабылып, ошонун кесепетинен көз жумду деп эсептейт. Акциянын башка катышуучулары – Ермухан Иманалиев менен Муханбет Серикбаев да Жаңы-Өзөн окуяларында жабыр тартышкан.
Казакстан президентинин резиденциясынын алдына чогулгандар көйгөйлөрүн айтып, иш менен камсыздоону талап кылышкан. Полиция кызматкерлери аларды күч менен алып кеткен.
2011-жылы 16-декабрда Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын көтөрүлүшү күч менен басылганда расмий маалымат боюнча 17 киши өлгөн, жүздөн ашууну түрдүү жаракат алган. Жумушчулар анда иш шартын жакшыртууну жана айлык акыны жогорулатууну талап кылышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ