Menu

Журналисттер рекетпи?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров журналисттерди “рекет, вымогатель, аларды жазалаш керек, менден 100, 500, 5000 доллар талап кылып, коркутушат” -деп билдирди. Бирок ал муну менен жалпы журналист журтчулугунун бетине көө жапты. Акылбекти шантаж кылып акча алып, “Жип” машине минген, особняк үй салган кайсыл журналист экенин ачык айткан жок. Ошондой эле журналисттер да декларация тапшырсын деди. Бул тууралуу белгилүү журналисттерге суроо узаттык.

Сымбат Максүтова:

«РЕКЕТ ЖУРНАЛИСТТЕР ДА БАР»
– Тилекке каршы, ошондой журналисттер бар. Акылбек Жапаров деле асмандан алып айткан жок да, сөзүндө кандайдыр бир чындык бар. Албетте бардык журналисттер эмес, эл үчүн ак ,таза иштеген журналисттер өтө эле көп. Күнү-түнү менен эмгек кылып, элди маалымат менен ар дайым камсыздап, техниканын саат сайын өнүгүп жатканына карабай, бийлик менен коомдо көпүрө болуп жаткан журналисттердин эмгегин сыйлаш керек. Анан журналисттерге айтаарым, бир күнү килем басасыңар, бир күнү баткак басасыңар дегендей, бул нерсени чоң көйгөй катары кабыл албагыла.

Бурул Мусабекова:

«ЖУРНАЛИСТТИН БАЙЛЫГЫН ТЕКШЕРГИДЕЙ АЛАР МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР ЭМЕС»

– Акылбек Жапаровдун бул оюн укканда чындыгында абдан жаман болдум. Себеп дегенде, бардык эле журналисттер мындай эмес. Эгер ал ушундай журналистти өз турмушунда кезиктирсе, бардык журналисттин беделине доо кетирбей, алардын аттарын атаса жакшы болмок. ” Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, арасында бир-эки журналисттер болушу мүмкүн. Ошолордун айынан бардык журналисттер жаман көрүнүп жатышат. Сөзүмдүн акырында бийликтегилер журналисттердин ишине кийлигишпей эле коюшса, анткени алар өкмөттүк же мамлекеттик кызматта болбогондон кийин.

Жийде Зоотбекова:

«ЖУРНАЛИСТТЕР ЧЕКТЕН АШЫП ЖАТКАНДЫР»

-Ооздуктаганда ал саясатты жазгандарга тиешелүү болсо керек, биздей көңүл ачуучу программа жасагандар коомго пайдабыздан башка зыяныбыз деле жок. Мен жеке өзүмдүн жасаган программалар тууралуу айтып жатам. Ал эми саясатка тиешеси бар болгон журналисттер балким чектен ашып жатса керек, балким чынды жазып жатат, аны эл өзү баалаганы туура.

Алмаз Темирбеков:

«КИМ РЕКЕТ БОЛГОНУН АЧЫК АЙТСЫН!»

– Акылбек Жапаровдун ушул сөзүн бүткүл коом, эл укту. Ошол ыйык трубинада туруп алып, жөн жерден эле журналисттердин беделине көө чаап, аброюна көлөкө түшүрдү. Анткени ал эч бир далили жок фактысыз айтты. Жапаров журналисттерди беш жүз доллар алат деп айтты, беш жүз доллар алабы же беш миңби ким алганын ачык айтыш керек болчу. Бул адамдын кандай адам экендигин эл дагы билип калды, Бакиевдин учурунан бери эле кошоматчы болуп келетат, деги койчу айта берсе былыгы көп эле адам.

Кенжебек Арыкбаев,

«ЖУРНАЛИСТИКА ТАК УШУНДАЙ АДАМДАН МАЗАКТАЛГАНЫ ӨКҮНҮЧТҮҮ!»

-Акылбек Жапаров шаршемби күнү, А.Атамбаевдин айтканын колдогон адам катары көрүнүп, экинчи жагынан өлкө башчысынын айрым ММКлар тууралуу айткан кебин алдыга мисал кылып коюп, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатканда, капталдан чыкты. Баарыбыз көрдүк. “Журналисттер дагы жоопкерчилик тартыш керек, алар Кылмыш кодексинде да, админстративдик кодекске да өзгөртүү киргизиш керек” сыяктуу сөздөрүн айтты ал. Андан да күйбөгөн жериң: “Буларды ооздуктабаса, ушак-айыңды жазып, коомду былгытып, акчага байып, жыргап, мыскылдап коюп жүрүшөт” дегени болду. Чындап эле бийик чокуга олтуруп алып коомду былгытып, ушак-айыңды таратып, акчага байып, жыргап, мысыкылдап басып жүргөндөр кимдер? Точно, журналисттер эмес! Анан да ошол Жапаров “журналисттер отчет берсин” деп атпайбы. Атаны кокуй күндүкү ай! Эгер андай асылдык жан дүйнөсүн өйкөп жатса, айтаар сөзүнүн адресин аныктап алса болмок. “Өмүр бою мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрүп кайсы акчасына бийик-бийик үйлөрдү, мейманкана, ресторандарды куруп жатышат, ошолор отчет берсин” десе кеп башкача болмок. Андай кыйын болсо бажыкана, финпол жана башка жайлардагы кургуйларды А.Жапаров билбейт бекен? Сонун билет. Коррупцияланган мамлекеттик органдардын жемкорлорунун өздөрү эле эмес, катын-балдарына чейин кымбат баалуу автоунааларды айдап, чет жактарда эс алып жүрүшкөнүн мыкты билет. Бирок, аларды айта албайт, кудурети да духу да жетпейт. Анткени, андайга анын “тазалыгы” жол бербейт. Кыскасы, 19-апрелдеги ЖКнын ошол отурумун бийик трибунаны пайдаланып, оозунан оргуган сөздөрүндө А.Жапаров массалык-маалымат өкүлдөрүн шылдыңдап, жакшы эле мазактап алды. Кудум, жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыккандай. Ары татаал, ары күчтүү журналистика так ушундай адамдан мазакталганы өкүнүчтүү!

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: