Учур бийлигинин келишкис оппоненти катары кадам жасап, Ак үйдүн тосмосунан секирип жиберүүгө чейин барган Камчыбек Ташиев чүлүктөлгөн букача тынчып туру. Балким жаш курактын өйдөлөөсү аны сабырдуулукка, ар кандай кырдаалга акыл калчап кароого алып келгендир. Арийне андай дейин десең, мурдагы позициясы таптакыр эле өчкөн отко айланып, багыты таптакыр башка нукка бурулууда. Тагыраагы, Ташиев бийликке ачык эле ыктады. Мунун себебин али өзү түшүндүрө элек. Оппозициядан ордун таба албагандыктан уламбы, же кызматка жетсем деген көксөөсү барбы, айтор түшүнбөй турубуз.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ