Menu

Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты: “Эшек бизнесине тиешем жок”

Бөлүшүү:

-Кытайга чыгып жаткан эшек бизнесинин артында эмне себептен сиздин атыңыз айтылып жүрөт?

– Эми Кудай үстүбүздө карап турат. Андай бизнести кылыштан Кудай өзү сактасын. Ким жазып атат, кантип жазып атат, эмнеге жазып атат – баарын билип эле турам. Саясатта ар кандай кишилер бар экен да. Атың чыгьш, төбөң көрүнүп калса эле, атыңды булгап жамандоого аракет кылат экен. Эми мунун баарын айтып, актанып отуруунун өзү туура эмес. Кимдер жалган жалаа жаап, кимдер жасап атканы аныкталышы керек. Эгер мен ошондой бизнес кылсам, Кудай өзү урат! Эгер мен кылбаган ишти жабыштырып жалаа жаап аткан болсо, Кудайдын астында жазган кишилер, ушак кылган кишилер жооп берет. Ошондуктан алардын дарегине каргыш айтпайм. Жүрөктөрүнө ыйман берсин.

– Башкага эмес, эмне себептен эшек бизнесине жабыштырып жатышат?

– Бул сөздү кимдер чыгарып атканы билинип эле турат. Эшек бизнесин жасагандардын бирин да тааныбайм. Тааныгым да келбейт. Бул ушактын айтылып калуу себеби мындай: Ноокат районунда кытай компаниясы эшектердин этин сатабыз деп, кайсы бир жылдары Көк-Жар айылынан эшектерди чогулткан экен. Ошол учурдагы Ноокаттын акиминин жээни кытай компаниясында иштептир. Ошондон улам, «Ноокаттын акимин Төрөбай Зулпукаров койгон, анын жээни эшек саткан компанияда иштеп атса, демек Зулпукаровдун эшек бизнесине тиешеси бар» деген божомол менен чыгарышкан ушак. Бул жалган ушактын негизги максаты – мени элге жаман көрсөтүү болуп саналат. Башка максат жок. Ветеринария департаментинин директору Калыс Жумаканов экөөбүздүн атыбызды аташыптыр. Мен Жумакановду тааныбайм. Өмүрүмдө бир да жолу чай ичип, сүйлөшүп отурган эмесмин. Жогорку Кеңешке келип калган маалда бир-эки жолу көрдүм. Болбосо башка байланышым жок. Жумаканов экөөбүздү чаптаса да чапташпай турган кишилербиз.

– Таза экениңизди кантип далилдейсиз?

– Таза экенимди далилдеш үчүн эмне кылышым керек? Ошолордун ыйманына эле койдум. Ар бир
нерсенин учуру келет. Учуру келгенде сүйлөшүү жолдору менен түшүндүрүүгө аракет кылам. Мунун артында кимдер бар экенин акырындык менен аныктайбыз да.

– Артында кимдер турат билем дедиңиз го?

– Кимдер экени боюнча божомолдор бар. Бирок, так-кесе бирөөнүн атын айтуу кыйын. Артынан кууп изилдеп деле көрө элекмин. Бирок, ким экенин болжол менен билип турам.

– Сотко кайрылуу оюңузда бар да?

– Аны көрөбүз го. Убакыт көрсөтөт.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: