Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатына катышып келди. Американын Нью-Джерси штатында эрежесиз эр уруш мелдешине киндиктеш болгон грэпплингдин NAGАжааты боюнча NO GI тартибинде 91 килограмм салмак ченинде 40 жаштагы Дастан Жумабеков күрөш жүргүзүп, татыктуу коло медалды багынткан. А дүйнө чемпиону наамын Эрик Гаумер аттуу америкалык атлет жеңген. Депутаттын мындай жеңишин кыргызстандыктар жалпы жонунан жылуу эле кабыл алды. Кээ бир унчукпаган «балык» же көчүгү креслого жабышып калган депутаттарга караганда спорт менен машыгып, эл аралык аренада ийгилик жаратса болорун Дастан далилдеди.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ