Menu

Бакыт Төрөбаев ички депрессияга кабылыптыр

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоодон кийин резиденцияда чоң жыйын болуп, анда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин эл астында Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирип, кошомат кылган маанайда алдынан өткөнүн элдин баары көргөн. Мына ошондон кийин Төрөбаевден оомат тайганы, келечектен үмүт кылган жылдызы «жалп» өчкөнү ырас. Көпчүлүк ичинде «жагымпоз, коркок, кошоматчы» деген сыяктуу сөздөр айтылып келет. Ошентип, шайлоодон кийин жалпы элдин астында чыныгы жүзүн көрсөтүп алган Бакыт мырза ички дүйнөсүндөгү каршылаш ойлордун курмандыгы болуп, депрессияга кабылуу менен ооруп жатыптыр. Албетте, сыртынан билгизбейт, бирок сөзгө сынып, ичтен эзилгенден өткөн кордук бар бекен?.. Мындай туруксуздугун билгенден кий­ин арыдан-бери болуп, өзүн «премьер-министр» атабай эле тек жүрсө болмок. Кыскасы, «Бабановго кошула коём» деп аз жерден камалып кете жаздады, жансоога сурабаса эмгиче «баланда» ичип, темир тордун артында отурмак да э?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: