Иракта үч жыл “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун “кулчулугунда” болгон 36 езид кыз-келин куткарылды.
БУУнун Ирактагы гуманитардык маселелер боюнча координатору Лиза Гранденин билдиришинче, азаттык алган аялдар жана кыздарга баш калкалоочу жай, кийим-кече, медициналык жана психологиялык жардам берилди. Учурда алар Мосулдун түндүк тарабында жайгашкан күрддөр басымдуулук кылган Дахук шаарында.
“Ислам мамлекети” радикал тобунун жоочулары 2014-жылы Ирактын түндүк-батышындагы Синжар шаарын курчап, миңдеген кыз-келиндерди туткунга алып, сексуалдык зордук-зомбулуктарды көрсөтүшкөн.
Алардын арасынан айрымдары качып кетишкен, бирок 3500дөй киши али туткунда. Езиддердин ишенимин христиан, зороастризм жана ислам элементтери түзөт. “Ислам мамлекети” тобу аларды “азезилдин жактоочулары” деп эсептейт.
Учурда жарым миллионго чукул езиддер Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан автономдуу районундагы лагерде баш калкалашууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ